Азамат ТЕМИРКУЛОВ: «Экологияны сактоо менен экономикага салым кошууга болот»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Бүгүнкү күндө аба, суу бузулуп, жер ресурстары кыскарып, мөңгүлөр ээрип жатат. Мунун баары өлкөдөгү токой жана бак аянттарынын азаюусунун түз, же кыйыр тиешесинен улам. Жашылдандыруу багытында Кыргызстанда болуп жаткан иштер жана келечеги тууралуу саясий илимдердин доктору Азамат ТЕМИРКУЛОВ менен маектештик.

– Азамат мырза айтсаңыз, экологияны сактоо, ошол эле учурда өндүрүштү өстүрүү мүмкүнбү?

– Айлана чөйрөнүн бузулушу социалдык жана саясий көйгөйлөргө алып келүү ыктымалдыгынан улам, тез өсүүчү бак-дарактардын аянтын көбөйтүү, бул үчүн бош жерлерге көчөттөрдү отургузуп, аларды мал-жандыктардан сактоо зарыл. Жашыл массивдердин көбөйүүсү айлана-чөйрөнүн жакшырышына, органикалык айыл чарба, жыгач иштетүү, экология-лык туризм тармагында кошумча жумуш орундарын түзүүгө, ички жана тышкы миграция көйгөйүнүн чечилишине оң таасирин тийгизет. Демек, экология-ны сактоо менен экономикага салым кошууга болот. Ошондой эле бул долбоор дүйнө коомчулугу тарабынан колдоо табышы толук мүмкүн.

Дал ушул багытта «Кыргыз Туусу» гезитине макалам жарыялангандан кийин сунушума Премьер-министр Сапар Исаков көңүл буруп, Өкмөт башчы  «Жаңы  доорго  кырк  кадам»  программасына киргизүүнү тапшырды. Идеянын базасында программада «Тоо-токой» деген өзүнчө бөлүм иштелип чыгып, Өкмөттүн 40-кадамы болду. Учурда 2018-2023-жыл-дардагы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу ыкмалары жана каржылоо булактары боюнча иштер жүрүп жатат.

Иш-чаралар планынын алкагында, көп жылдык бак-дарактарды  өстүрүү  боюнча  тийиштүү  укуктук нормативдик актылар иштелип чыгат. Эл аралык уюмдардын жардамы менен Жогорку Кеңештин кезектеги  сессиясына  кароого  алынып  чыга  турган тийиштүү мыйзамдар пакети даярдалган. Анткен менен бул мыйзамдарды жакшыртуу багытында иштин башы. Келечекте мыйзам чыгаруучулар тарабынан мындан да көбүрөк көңүл бөлүү талап кылынат.

Ошондой эле, аталган тармакты өнүктүрүү үчүн, жашылдандыруу  жана  өндүрүштүк  багытта  бак-дарак өстүрүү менен алектенген ишкер, жергиликтүү биримдик  жана  коомдук  уюмдарга  салык  жана башка жеңилдиктер берилет. Бат өсүп чыгуучу бак-дарактардын плантациясын иштетүүчүлөр стимулдаштырылат. Бул дарак ресурсу жергиликтүү эл тарабынан отунга, курулушка жана башка тиричилик иштерине колдонулат. Ошондой эле бак-дарак иштетүүчү базарга алып чыгуу мүмкүндүгү түзүлөт. Анткени жергиликтүү калктын отунга болгон муктаждыгы чечилген болсо, токойлорду мыйзамсыз кыюу кыскарат.

Токойлор  жана  көп  жылдык  өсүмдүктөр  жер кыртышынын тирүү элементи болуп, тоолордогу атмосферанын нымдуулугун көбөйтөт жана жал-пы абанын табын азайтат. Натыйжада мөңгүлөрдүн сакталышына жакшы таасири тиет. Ошондой эле, жаан чачындын болушуна, жер кыртышынын, тоо боорлорунун бекемделишине алып келет жана көчкү, селдердин алдын алат. Мындан тышкары бул нерсе Кыргызстанда куштардын, жапайы жаныбарлардын жана курт-кумурскалардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

– Жогоруда жумуш орундары түзүлө турганын айтып өттүңүз. Андан башка кандай экономикалык пайда тапса болот?

– Программа ишке кирип баштагандан 3-10 жыл аралыгында жер-жемиш, жаңгак, мөмө-жемиштер,бал, даары чөп сыяктуу экологиялык таза азыктарды өстүрсө болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жогоруда айтылган товарларды өндүрөт. Алар Япония, Түштүк Корея, Евросоюз, араб өлкөлөрүнө экспорттолууда. Ал эми аны өнүктүрүп алсак, ал нерсе КР айыл чарбасынын бренди болуп калышы толук мүмкүн. Анткени органикалык айыл чарбасы айлана-чөйрөнүн жакшырышына мүмкүндүк түзөт. Ал эми Кыргызстан органикалык айыл чарба тармагына стратегиялык багыт берип, өзүн жогорку сапаттуу азык түлүк өндүрүүчү катары көрсөтө алат. Алдыга кетип айта турган болсок, бак-дарактарды отургузгандан 10-20 жылдан кийин бак иштетүү өндүрүшүнүн көлөмү көтөрүлүп, ички рынок камсыздалат. Курулуш материалдары, мебель, кагаз, ширенке ж.б. чыгаруучу көптөгөн ишканалар ачылат. Бак-дарактардын тиричиликке керек болгон спирт, смола, скипидар, канифол, тамактануучу ачыткычтар сыяктуу химиялык элементтердин камтуусу “токой химиясын” өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт.

– Экотуризмге кошкон салымынан азын-оолак кеп кыла кетсеңиз?

– 10-15 жылдан кийин токойлор туристтердин кызыгуусун дагы арттырат. Анткени токой бактары фитоницид деген элемент бөлүп чыгат. Ал нерсе ден соолукка пайдалуу болуп саналат. Андан тышкары тоолордо, дартка даба болуучу жана минералдык суулар, жылуу булактар бар. Тоолордогу токойлорго эс алуучу жай, лыжа тебүүчү курорт куруу идея лары инвесторлордо кызыгуу жаратышы толук мүмкүн. Андай учурда туристтик сезон жыл бою актуалдуулугун сактайт. Кыргызстандын нукура, эксклюзивдүү потенциалын эске алсак, дүйнөлүк ден соолук чыңдоо боюнча курортко айланышы жана бул багыттагы туризмге жаңы стимул берүүсү зарыл.

– Мунун баары эле келип каражат жагына такалат эмеспи. Өлкөнүн экономикалык абалын эске алсак, бул долбоорду ишке ашыруу реалдуубу?

– 2015-жылы декабрда Парижде БУУнун климат көйгөйү боюнча конференциясы өттү. Анда газдарды бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча конвенцияга кошулду. Ошол келишимдин 9-беренесине ылайык, өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнүн алдын алууга, анын ичинде алардын аймагына токойлорду отургузуу үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылат. Анда атайын фонддон стимул кылуучу бонустар да каралган. Кыргызстан бул конвенциянын толук кандуу катышуучусу болуп саналат. Башкача айтканда Кыргызстандын аймагына токойлорду отургузуу демилгеси, долбоорду ишке ашыруу каражаттын толугу менен же болбосо, бюджеттик чыгашасын азайтууга жардам берүүчү эл аралык коомчулук жана донорлор тарабынан колдоого ээ болот.

Ошол эле учурда Кыргызстанда токой иштетүү боюнча тажрыйба бар. Союз учурунда Кыргыз ССРи көчөттөр менен Кыргызстанды эле эмес, башка союздук өлкөлөрдү да камсыз кылып турган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын токойчулары калк жайгаш-кан аймактарды жашылдандырууга 30 млн. даана ар кандай көчөттөрдү өстүрүшүүдө. Анткен менен мындан он эсе көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул Кыргызстан аталган долбоорду ишке ашыруусу үчүн ички ресурстарга ээ экенин да айтып турат.