Жер тилкесинин ээси каза болуп калыптыр. Эми биз сатып алган жерибизди өзүбүзгө кантип өткөрүп алсак болот? Юрист суроолорго жооп берет

Редакциябызга ар кандай көйгөйлүү маселелер боюнча кеңеш сурап кайрылган окурмандарыбыз көп. Мындан ары ушул сыяктуу суроолор болуп калса, аларга гезит бетинен да жооп бергенге аракет кылабыз. Суроолоруңуздар болсо редакциябызга кайрылсаңыздар болот.

– Банкка депозитке акча салайын дегем. Эгер банк банкрот болсо, акчамды кайтарып береби? (НУР).

– Биринчиден, акчаңызды банкта сактайын дегениңиз туура. Тынч уктайсыз. Экинчиден, акчаны үч валютада сактаган оң. Маселен, 30 пайызын сом менен, дагы 30 пайызын доллар менен, калганын рубль менен. Анткени кайсы бир валютанын наркы төмөндөп кетсе, калган валюталардын эсебинен утушка ээ болосуз. Үчүнчүдөн, Кыргыз Республикасынын “Банк салымдарын коргоо мыйзамынын” 2016-жылдын 25-июлундагы акыркы редакциясынын негизинде эгерде кепилдик кырдаал келип чыкса, анда Депозиттерди коргоо фондунун эсебинен Сиздин эки жүз миң сомго чейинки акчаңыз мамлекет тарабынан корголот. Анын ичине пайыздык кошумчалар да кирет. Бул Сиз ишенген банк кокустан кудуретсиз болуп калса, акчаңыз мамлекет тарабынан төлөнүп берилет дегенди билдирет. Кантсе да акча сактарда ишеничтүү банкка салганыңыз туура болот.

– Биздин үйүбүз мага катталган болчу. Учурда жолдошум менен ыркыбыз келишпей, ажыраша турган болуп калдык.  Ал  мени  коркутуп,  нотариуска алып барып өзүнүн атына менден ишеним  кат  жаздырып  алды.  Эми  менден сурабай үйдү сатып жибере алабы? (КАЛИМА).

– Биринчиден, Сиз ишеним кат бербешиңиз керек эле. Ооба, ал сиз берген ишеним каттын негизинде үйдү сатканга укуктуу. Эгер ишеним катты жокко чыгарам десеңиз, анда ошол ишеним катты тариздеген нотариуска барыңыз. Ал сиздин арыздын негизинде мурдагы берилген ишеним катты жокко чыгарып берет. Нотариус тарабынан ишеним катты жокко чыгарган юридикалык документти мамлекеттик каттоо кызматына жана мамлекеттик нотариуска тапшырып, каттатып коюшуңуз зарыл. Нотариус жокко чыгарган күндөн тартып сиздин мурдагы берген ишеним катыңыз күчүн жоготот.

Эгерде  Сиз  өзүңүз  берген  ишеним  катты  жокко  чыгарганга чейин үйүңүз башкага өтүп кеткен болсо, ал өзүнчө каралчу маселеге айланары бышык. Ошондуктан бирөөгө ишеним кат бергенден мурда терең ойлонуу керек.

– Биз үй куралы деп жер тилкесин сатып алганбыз. Учурунда документин тариздебестен, ээсинен ишеним кат жаздырып алдык эле. Антип-минтип убакыт өтүп кетти. Жакында жер тилкесинин ээси каза болуп калыптыр. Эми биз сатып алган жерибизди өзүбүзгө кантип өткөрүп алсак болот? (ЖАНЫШ).

– Албетте, темирди кызуусунда сок дегендей, кайдыгерликке салбай өз учурунда тариздеп алсаңыз болмок. Ишеним кат берген адам каза болгон күндөн тартып, ал ишеним кат өз күчүн жоготот. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренесинде бул тууралуу толук жазылган. Ал эми жер тилкесине болгон укуктук маселе каза болгон жарандын мураскорлору аркылуу гана чечилиши мүмкүн.

Сиздердин суроолорго жооп берген  Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”