ЕАЭБ: Күчүнө кирүүчү талаптардан ишкерлердин кабары жок

Ушул жылдын август айынан баштап Кыргызстан ЕАЭБнын дагы 18 техникалык регламентин аткара баштайт. Биримдиктин күчүнө кире турган талаптарына өкмөт даяр экенин белгиледи. Деген менен жаңы эреженин мазмуну тууралуу ишкерлердин көбүнүн кабары жок.

Жеке ишкер Гүлнура Нарманбетова Бажы Биримдигинин Кыргызстандын аймагындагы ишке кирүүчү
техникалык регламент тууралуу маалыматы жок. Ишкер Орусия жана Казакстанга өлкөдөн кийим экспорттоо менен алектенет. Тилекке каршы, ал талапка ылайык текстиль тармагында лицензия алуу милдети коюлуп жатканын билбейт. Мындан улам ишкер өкмөттү бизнес коомчулугуна түшүндүрүү иши чабал экенин айтты.

Мен 18 техникалык регламент боюнча эч жактан түшүндүрүү ишин уга элекмин. Ишкерлер менен талкуулабастан көптөгөн мыйзамдар кабыл алынып эле жатат. Ошол сыяктуу эле биримдиктин талаптарын деле ишкерлер билбей эле калып кетет. Анан кайра эле ишкерлерге кыйынчылык жаралып, өндүрүшүн сыртка чыгара албай кыйналат. 

Жаңы стандартта текстиль, сүт, эт, темир жол транспорту жана башка тармактар техникалык регламентке шайкеш келиши керек. Мисалы, темир жол вагондору дагы атайын ылайыкташтыруудан өтөт. Эгер талапка жооп бербесе, темир жол жүктөрү да ЕАЭБ өлкөлөрүнө өтпөй калат. Ошондой эле Кыргызстанда тигилип жаткан кийимдерге да лицензия талап кылынат. Буга  кийим тигүүчүлөр нааразы.

Бул 18 талап эң көп  тамак-аш жана кийим-өнөр жай өндүрүүчүлөргө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.  Анын айтымында, коюлган эрежелер экспорт менен алектенген ишкерлерге таасир тийгизбейт. Бирок ата мекендик өндүрүүчүлөргө тобокелдик жана коркунучтарды туудурат.

Бүгүнкү күндө өкмөттүн тиешелүү органдары ишкерлерге түшүндүрүү ишин алып барууда.

Күчүнө кирүүчү техникалык регламенттин сегизи айыл чарба тармагына таандык. Алар боюнча бир топ иштер аткарылганын айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтуусунда, министрлик бизнес коомчулугу менен жолугуп, аймактарга чыгып түшүндүрүү ишин кылды.

-Биздин бир топ ишканалар жаңы талаптарган даяр. Ошондой эле ишеним телефондору да иштеп жатат. Ишкерлер кийин кыйынчылыкка кабылбасы үчүн министрликке кайрылып маалымат алып алса болот.

Бирок иштеймин деген ишкер өкмөттүн маалыматына муктаж болбой эле өздөрү изденип билип алуу керектигин экономист Мейманбек Абдылдаев айтат.  Анын пикиринде, товарды экспортоого жакшы шарттар түзүлүүдө.

-Кыргызстанда экономика саясатын жакшыртуу керек. Көптөгөн инвестицияларды тартып, айыл чарба өндүрүштөрүн жогорулатыш керек. Анткени ЕАЭБдин базары көптөгөн сапаттуу азык-түлүктөртөрдү талап кылууда. Ошондуктан ишкерлер иштеш керек. Анан акча, насыя саясатын өзгөртүш зарыл. Ишкерлерге азыр акча керек? Арзан насыяга муктаж. Ушул маселе чечилсе эле экспорт өзү эле жогорулайт. 

Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын август айында расмий түрдө биримдикке бешинчи мүчө болуп кирген. Учурда Кыргызстан жеңилдетилген шарттар менен 16 техникалык регламент менен күн кечирүүдө. Эми ал жеңилдиктер 3-4 айда аяктайт жана Кыргызстан баардык 35 техникалык регламентти кабыл алышы керек.

Булак «Марал»