Парламентте социалдык тармактарды чектөө боюнча мыйзам даярдоо сунушталды

Депутаты Улан Примов социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек экенин айтты.  Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында социалдык тармактарда текшерилбеген, улут аралык кастыкты козгоочу маалыматтар чыгып жатат. Социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаты катары кароо же чектөө боюнча мыйзам долбоорду сунуштоо керек.

Бул боюнча юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев интернет сайттарды жөнгө салуу тууралуу мыйзам иштелип жатканын, жакында талкууга чыгарыларын билдирди.