Вторник, 16 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Түркмөнстан менен маданият жаатындагы кызматташтык бекемделет

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голлиев менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Ал ошондой эле 2023-жылы Ашхабад шаарында өткөн «Бакыт доорунун театр искусствосу» эл аралык фестивалынын жыйынына Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры «Махтумкули Фраги» спектакли менен катышканын, Бишкекте өткөн «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалы тууралуу айтып, Лебап шаарындагы түркмөн музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты Ч. Айтматовдун «Ак кеме» спектаклин Перхат Худайбереновдун сахналаштыруусуна тартуулап, фестивалдын уюштуруучуларынан атайын сыйлык алгандыгын белгиледи.

Министр ошондой эле түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фраганын 300 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Өз кезегинде Нура Голлиев министрге жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фраганын 300 жылдыгы кеңири белгилене тургандыгын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар