Бишкектеги абанын булганышын азайтуу боюнча жумушчу топ түзүлөт

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. Мындай тапшырма 16-январда премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу маселесин талкуулаган жыйында айтылды. Мындан тышкары, эки жума ичинде абанын булганышы жана аны чечүү боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

— Биз аталган маселе боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана так стандарттарды иштеп чыгуу жолу аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүбүз керек. Бул биздин жарандардын ден соолугуна тийиштүү маселе жана ал жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш. Биз абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгарылышын төмөндөтүү жаатында чоң секирик жасообуз үчүн бардык ресурстарды мобилизациялообуз керек, – деп белгиледи Сапар Исаков.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, Бишкек шаарындагы абаны булгоочу негизги булак катары автоунаалар аныкталган. Анын айтымында, болжол менен 20 унаанын 16сында абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормадан ашат. Бишкекте жана анын чет жакаларында иштеген жеке мончолор да борбордогу абанын абалына жагымсыз таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги өткөрүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, ал модернизацияланып, түтүн тазалоочу заманбап чыпкалар орнотулгандыктан абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу минималдуу деп табылган.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Соңку кезде борбордун асманын кара, көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте жарыяланган.

Булак: Азаттык