Ошто жер силкинди

Ош облусунун аймагында өткөн күнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу УИАнын сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча жер титирөө түнкү саат 01:54 катталган. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында жайгашып, Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай 6 чакырым аралыкта болгон.

Очогунда жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен, ал эми калктуу пункттарда 2-3 баллга чейин жеткен.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.