Туризмди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү

Айида НАДЫРБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»


Туризм дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири. Айрым өлкөлөрдө туризм тармагы ИДПнын 90%ын түзөөрү белгилүү. Кыргызстанда бул көрсөткүч – 5,5%. Аталган тармак дүйнөдө 150 миллион адамды иш менен камсыз кылат. Туризм тармагына дүйнөлүк ИДПнын 6%ы, жумушчу орундардын 6%ы, дүйнөлүк чыгымдоолордун 11%ы туура келет. Макао, Антигуа жана Барбуда, Сейшель жана Багам аралдарында бул тармак калктын көбүн иш менен камсыз кылат.

Кыргызстан дүйнөгө таанылууда

Дүйнөгө аты белгилүү Passion Passport коому Кыргызстанды 2018-жылдын мыкты туристтик аймактарынын катарына кошту. 20 мыкты туристтик аймактын ичинен Дания королдугуна караган Фарер аралы тизмеде биринчи. Андан соң Пакистан, Иран, Сингапур жана Норвегиянын Лофотен аралы аталган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен тизмеге Кыргызстан гана кирип, 18-орунду ээлеген. Окурмандардын эсинде болсо керек, 2016-жылдын аяк ченинде Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизген болчу. Аталган журналдын рейтингинде жалпысынан 21 өлкөнүн эс алуу баалары каралып, саякаттоого эң үнөмдүү өлкө болуп Вьетнамдын курорттору аталса, акчаны үнөмдөп эс алган турист үчүнКыргызстан экендиги белгиленип, экинчи орунду ээлеген.

Журнал биздин өлкө жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстанды “таасирленте турган жана бааланбаган өлкө” деп атаган. Басылманын пикири боюнча Бишкек Бор-бор Азияда белгисиз шаар болуп эсептелет. 2017-жылдын ноябрь айында ТурСтат аналитикалык агенттиги дагы жарандардын турларды сатып алуусуна карата туристтер кышкы мезгилде КМШнын кайсыл шаар ларына саякаттай тургандыгын иликтеп, алдыңкы сапта Алматы, Минск жана Баку шаарлары турарын жарыя кылды. Борбор шаарыбыз Бишкек алдыңкы ондукка кирген. ТурСтаттын маалыматы боюнча орточо каражат жумшап эс алууну каалагандар Бишкек менен Кишиневго барат, ал эми люкс шарттары бар болуп Баку менен Астана шаарлары эсептелет.

Кыргызстанга келген турист бир суткада 60 доллар коротору дагы белгиленген. Быйылкы  2018-жыл жаңырары  менен  Британдык British Backpacker Society ltg fnfkufyжөө жүрүүчү туристтер коому өз рейтингин чыгарып, Кыргызстанды окуяларга бай, туризм үчүн мыкты делген беш өлкөнүн катарына кошту. Рейтингге бардыгы болуп 20 өлкө катышып, Кыр-гызстан анда бешинчи орунду ээлеген. Борбор Азиядан Тажикстан (7-орун), Өзбекстан (19-орун) бар. Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанды туристтер үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн биринчи тобуна кошту. Тизмени түзүүдө аталган мекеме кылмыштуулук жана терроризм, ден-соолукка болгон коркунуч жана жаратылыш кырсыктары, ошондой эле тандоолор жана эл аралык мелдештерди эске алган.

Азамат ЖАМАНКУЛОВ, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору: – 2018-жылда Кыргызстанды туризм тармагында чоң жетишкендиктер күтүп турат. Бул тармакка мамлекет тарабынан акыркы жылдарда көп көңүл бурулуп, алгылыктуу иштер көп. Ошондой эле бул жылдын сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы өтөт. Буга даярдык кызуу жүрүп жатат. Жайкы-кышкы сезондорду ойдогудай өткөрүп алсак, жетишкендиктер көп болот деген ойдобуз. Дагы бир белгилеп кое турган нерсе, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин курамында болуп келсек, эми өзүнчө бир жаңы агенттик түзүлгөнү турат. Бул дагы туризмди өнүктүрүүгө аракеттердин бири. Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, 2017-жылда Кыргызстанга 4 миллионго жакын турист келиптир, эми жыл жыйынтыгы чыкса мындан да көп көрсөткүчтү алабыз деген үмүт бар.

Кыргызстан 2017-жылдын аягында Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп тоо туризм тармагындагы ириэл аралык уюмга (IFMGA) толук кандуу мүчө болуп кирди. IFMGA – тоо туризми боюнча дүйнөлүк ири уюм болуп эсептелет. Бул уюмга окуялуу туризм боюнча сапаттуу кызмат көрсөткөн жана коопсуздукту камсыздай алган Түштүк Америкадагы бир катар мамлекеттер менен бирге Канада, АКШ, Жаңы Зеландия, Непал сыяктуу 24 бийик тоолуу мамлекет мүчө. Учурда дүйнө боюнча аталган уюмдун дипломуна ээ болгон 6 миңден ашык гид бар. Уюмдун 25-мүчөсү болуп Кыргызстан  2017-жылдын  1-декабрында катталды.

Өлкөдө туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн Өкмөт тарабынан 2020-жылга чейинки программа иштелип чыгып, туристтик индустрияны өнүктүрүү үчүн кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги негизги маселелердин бири катары каралуу менен тоо гиддерин даярдоо зарылдыгы сунушталган. Мындай аракеттердин аркасында биздин мамлекет дүйнөдөгү толук кандуу профессионалдуу тоо гиддери бар мамлекеттердин катарына кошулду. Эске салсак, Кыргызстандын алгачкы кесипкөй гиддери ушул жылдын кыш айларында респуб-ликадагы эң бийик деп эсептелген Хан-Теңри чокуcун багындырышкан. Алар 2017-жылдагы эң чоң бийиктикти багындырган командакатары бааланып, «Хрустальный пик» сыйлыгына татышты. Бул сыйлык мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин альпи-нисттеринин эң жогорку сыйлыгы болуп саналат. Ушул эле команда келе жаткан жылдын январь ай-ында коңшу мамлекеттердин эң бийик чокуларын багындырууга даярдык көрүүдө.

Туризмдин экономикага тийгизген таасири

Кыргызстанда  туризмди  өнүктүрүү  үчүн  көп мүмкүнчүлүктөр  бар.  Бай  тарыхый  жана маданий мурастар, биринен бири өткөн кызыктуу жыл мезгилдери туризмдин жайкы жана кышкы, маданий-таанытуучулук, экологиялык, айыл чарбалык, экстремалдык, күтүүсүз окуяларга бай, мергенчилик жана балык уулоочулук сыяктуу түрлөрүн өнүктүрүү менен өлкөнүн экономикасына салым кошо алат.

2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм тарабынан Кыргызстан жакынкы 10 жылда туризм багытындагы эң келечектүү өлкө катары аныкталып, мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү программасы кабыл алынгандан тарта туризм аймактардын өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан, жакырчылык жана калктын жумушсуздугу сыяктуу көйгөйлөргө таасирлүү тармак ка-тары карала баштады.

Медициналык туризм

Кыргызстандын  туризм  тармагын өнүктүрүүдө азырынча расмий эсепке алынбай жаткан медициналык туризмдин келечеги бар жана буга акыркы учурларда көбүрөөк көңүл бурула баштады. Медициналык туризм бул —башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстандан дарыланып кетүүсү.

Албетте, медициналык туризм ооруканага жатып дарылануу эмес, табигый жер алдынан чыккан ысык суу жана жаратылыштагы эс алуу жайларын колдонуп дарылануу же ден-соолукту чыңдоо. Кочкордогу жер астындагы туз аллергия жана бронхит, астмасы бар, өпкөнүн өнөкөт ооруларына абдан жакшы таасирин тийгизет. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз курортунда радон суусу көптөгөн ооруларга даба боло алат. Бүгүнкү күндө Евпропа мамлекеттеринен келип дарыланып, алардын ичинен беттерине пластикалык операция жасатып кеткендер бар. Анткени, бизде медициналык кызмат көрсөтүү чет мамлекеттерге караганда эки эсе арзан жана эң мыкты деген врачтар Кыргызстанда ондоп саналат. Демек, Кыргызстанда медициналык туризм жоктой сезилгени менен эгер сырттан келип дарылангандарды кандайдыр бир каттоодон өткөрүп, жыйынтык чыгарылса, медициналык туризм тармагында натыйжалуу жылыштар бар экендиги билинмек.