18-январга карата аба ырайы

18-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус,

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Бишкек шаарында 18-январда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз -1…+1° суук болот.