Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтоткон аял депутаттын ордуна аял депутат келет

Жогорку Кеӊеште шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер билдиргендей, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсу 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда.

Андан тышкары, бир катар депутаттардын сунушу менен парламенттик шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатылууда. Ошондой эле, гендердик теӊчиликти сактоо максатында, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон аял депутаттын ордуна аял депутат, эркек депутаттын ордуна эркек депутат келүүгө тийиш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *