Казакстандын Актөбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 адам каза тапты

Казакстандын Актөбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 адам каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 10.30да болгон. Автобустун ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу бар болгон. Учурда автобустан чыгып кете алган 5 кишиге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле каза тапкан 52 адам Өзбекстандын жарандары экени маалымдалууда.