«Осьминогдогу» оттон чыккан ойлор

 

7-январь күнү Бостери айылындагы “Осьминог” рестораны күйүп кетти. Албетте мындай өрт кырсыктары өлкөбүздө көп эле болот. Бирок бул кырсык атайын жасалган, болгондо дагы кылмыштуу топтордун аракети деген айыптоолор менен коштолуп, коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Укук коргоо органдары кырсыктын так себеби экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болорун билдирип жатышат.

 

Кафенин өрткө чейинки көрүнүшү

Бостеридеги аталган ресторанды ижарага алып, иштетип келген Аскат аттуу жаран бул иш уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колунан келгенин айтууда.

– 2016-жылдын жай айынан тарта мага уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деген адамдар келип,  алардын  аймагында  иштеп жатканым үчүн акча төлөп турушум керек экендигин эскертип кетишкен. Мен баш тарткам. Бир нече жолу келип ресторанды өрттөп, мени сабап кетебиз деп коркутушкан. Өзүмдүкүн берген жокмун. Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, эки киши кармалган. Кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөн. Кийин Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аларды эмнегедир шарттуу түрдө эле соттоп койгон — дейт.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутатДастан Бекешев: «Ысык-Көлдө чынында эле ушундай көйгөй бар. Баары эле уюшкан кылмыштуу топторго  «белгиленишет». Бул тууралуу ИИМге айтканда алар, бизге келип арыз жазсын дешет. Анткен менен эч ким арыз жазбайт. Жазса эле бир ай болобу, бир жыл болобу кайра келип ушинтип өрттөп кетип жатышпайбы»,– деп билдирди.

Ошондой эле депутат бул маселе көңүл сыртында калбашы керек экенин, уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттин күчүн сынап жатканын айтып, эгер керек болсо тергөө иштерине УКМКны тартуу зарыл экенин, анткени бул мам-лекеттин коопсуздугуна тийиштүү маселе экенин кошумчалаган.

Мындан туура 10 жыл мурун, 2008-жылы ИИМдин алдындагы уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөшкөн башкармалык түп тамыры менен жоюлуп, кылмыш дүйнөсү ээн-эркин өз билгенин  кыла  баштаган.  Ишкер-лерди чакалайдын чак түшүндө токмоктоп, уурдап, эч кимди тоготпой калган. Апрель окуясынан кийин гана жаңы бийлик “каралардын” канатын кайрып, бир заматта мамлекеттин күчүн көрсөтө алган. 2011-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы мамлекеттик башкармалык кайрадан түзүлүп, ошол  кездеги  башчысы  Калыбек Сатыбалдиев 3 айга жетпе-ген убакыт ичинде криминал 80 пайызга ооздукталып, 200гө жа-кын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камакка алынганын жар салган. Чынында эле ошол маалда кылмыштуулукка каршы катуу согуш жүрүп, анын натыйжасын коомчулук кадимкидей сезип калган. Андан бери ИИМде министрлер кол каптай эле алмашып отуруп, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш абалкыдай эмес. ИИМ тутумунда-гы эң эле элиталык деп саналган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн бул башкармалыктын акыркы жылдары бары-жогу деле билинбейт. Ал гана эмес былтыр ГУБОПтун кайсы бир начальниги өз кабинетинен УКМК кызматкерлери тарабынан пара менен кармалганы боюнча маалымат тараган.