Гүлнара КАХАРОВА, ырчы: «Күйөөсүн башкарып,теңата болгон аялдарды жаман көрөм»

Кыргыз эстрадасындагы ырчылардын бири – Гүлнара КАХАРОВА. Каарманыбыз өзү аял катары, эне катары үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, андан кийин гана сахнага, чыгармачылыкка басым жасарын айтып келет.

– Алло, Гулнар, саламатсыңбы? “Кыргыз Туусунун” кечки коңгуроосу тынчыңды алып жатат. Ушул тапта эмне иш менен алектенип жатасың?

– Тамак жасоо менен. Эртеден кечке чейинки эң сүйүктүү жана эң көп жүргөн жайым – ашканам.

– “Бүгүн эмне тамак жасасам?” – деген суроо дайыма оюбузда жүрөт эмеспи.

– Кудай кут кылсын, быйыл жаңы жылды балдарыбыздын чоң апасы менен чогуу тостук. Төрүбүздүн куту болуп көп жашасын апабыз. Ошондуктан, тамакты да түрлөп жасаганга аракет кылам, апама – башка, жолдошум менен балдарыма – башка.

– Өзүңө да өзүнчө жасайсыңбы?  Сахнанын  айымдары көбүнчө  келбетти сактоо  менен  аракеттенишет  дегеним?

– Чынымды айтсам, көп деле бөлүнбөйм. Бирок, албетте, туура тамактануу деген режимди эске алам.

– Кыздар турмушка чыгып, балдар келинчек алабыз деше элекпи?

– Кызыбызды бир аз кое тур дедик. Окуп, мүмкүн болушунча билим ал деп жатабыз.

– Уулубуз болсо азыр он сегизде. Андан көрө ошол балабыз батыраак чоңое калып, келинчек алып келсе экен деп тилей берем. Эне аттуунун баарынын тилеги эле – “келиним эстүү чыкса” болот эмеспи. Менин тилегим деле ошол.

– “Кайнененин камырынан” же “келин жаман эмес, келген жери жаман” деген кеп бар эмеспи?

– Албетте. Сен экөөбүз деле кайненелерибиздин акыл-кеңеши менен, көрсөткөн туура жолу менен минтип агарып-көгөрүп келе жатпайбызбы. Алардан алган таалим-тарбияны улантабыз да, буюрса. Болочок келинимди бир чети кызымдай, бир чети курбумдай көрүп, сырдаш-муңдаш кылып,билбегенин үйрөтүп, жуурулушуп алабыз го деп эле ишене берем. Анткени, балаңды сүйүп, сыйлап, тамагын жасап, бала төрөп берип турса, кантип жаман көрөсүң?

– Үй-бүлөнү да, сахнаны да бирдей алып жүрүү кыйынбы?

– Албетте, кээде кыйынчылык болот. Бир  ырды  элге  алып  чыгыш  канчалаган түйшүктү, изденүүнү, убакытты, сүйүүнү талап кылат. А балага татыктуу тарбия берүү эне үчүн эң негизги милдет. Мына ушулардан көңүл тынчыганда гана чыгармачылыкка шашыласың.

– Жолдошуң каралашабы?

– Ансыз, мынча бала төрөбөйт элем. Балдардын мектебине барат, кийим-кече сатып келет, бирок ашканага чейин киришип кетпейт. Тамак жасаган эркекти жаман көрөм.

– Чарчаган учурларың болобу?

– Чынын айтсам, күндө чарчайм. Кээде шалдайып отуруп калам. Азыркы балдар мурункулардай отур десең отуруп, же десең жеп, кий десең кийип калбайт. Азыркылардын аң-сезими, талабы такыр башка. Мисалы, мен кичинекей чакта: “Эжеме качан жаңы көйнөк, бут кийим сатып беришет, эскиси мага артат?” – деп күтчүмүн. Азыркылар антпейт. Ар би-ринин өзүнүн табити, каалоосу бар.

– Канча бир туугансыңар?

– Апам он үчтү төрөгөн экен. Азыр беш кыз, беш бала барбыз. Жолдошум эки бир тууган, карындашы бар. Көп балалуу үй-бүлөдө өсүп, көпчүлүктү жакшы көргөн жаным, жаңы келин болуп Кара-Кулжага барганда аябай зериккем. Кара-Кулжанын борборунда тургандыктанбы, кошуналар киришип-чыгышпайт эле.

– Атактуу болуш оңой жүк эместир?

– Албетте. Канчалык элге көрүнгөн сайын эл алдында да, балдардын алдында да жоопкерчилик арбыйт экен. Кийин балдарымды кимдир бирөө: «Баланчанын баласы», – дешсе: «Ий, апасы ырдап жүрүп тарбия бербептир», – дедиртким келбейт.

– Азыркы убакта көп үй-бүлөдө үйдүн эки чылбыр, бир тизгини да аялдарда болуп калбадыбы?

– Бизде бийлик толук бойдон жол-дошумда. Кээде, аялга тиешелүү иштер-де мага чала-бучук тийип калат. Деги эле күйөөсүн башкарган, теңата бол-гон, терс сүйлөгөн аялдарды жаман көрөм. Аларга айтат элем: “Эртең эле уулуң келинчек алат. Ошондо сенин жакшы көргөн балаңды аялы “бийлеп” жатса кантип карап турасың?” – деп.

–  Өнөр  ээси  болуунун  терс жактары болобу?

– Ким билет, бирок мага терс жактары  тийген  жок.  Антсе  да кыздарыма: «Бой жетип турасыңар, бир жериңерден кынтык таап: «Энеси эч нерсе үйрөтпөптүр» деген сөздү угузбагыла. Менин колуман баары келет. Лагман чоём, манты түйөм, кышкы салатты түрлөп жасайм, үйрөнгүлө» дейм. Балдарым кийин биз тууралуу жаман сөз угуп калбаса деп корком.

–  Чыгармачылык  кандай  болуп жатат?

– Кудай буюрса, эң сонун. Элден айланса болот, элди канчалык сүйсөң, сыйласаң, ал да сени ошончолук сыйлап, сүйөт. Жакшылыктарда көп болом. Баары бир тууганымдай же өз ата-энемдей кабыл алышат.

– Азыр өнөр адамдарынын тойлорго барышы кадимки көрүнүш болуп калды. Тойго барарда канча убакыт мурун камынасың?

– Жок дегенде эки-үч саат мурун. Сахнадан айырмасы, тойдо эл менен өтө жакындан көрүшөсүң да. Ошондуктан чачыңа, макияжыңа, кийимиңе да кылдат мамиле кылуу керек.