Атасы бар бала сакал койбойт…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда 130 229 жетим, жарым жетим (же энеси жок, же атасы жок) бала бар. Акыркы үч жылда ошол жетим балдардын 3 миңин башкалар асырап алышканы айтылып жүрөт. Бул – өлкөдөгү балдардын 6,5%ы жетим дегенди билдирет. Эми ушунча баланын баары көчөдө калды деп айтканга болбойт, тоголок жетимдер, жакын туугандары жоктор жетим балдар үйүндө тарбияла- нып жатса, калгандары ага-туугандарынын, атасы жоктор энеси менен, энеси жоктор атасы менен өлбөстүн күнүн көрүп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Бул балдардын 113 944ү багар-көрөрү жоктугу үчүн пенсия алышса, калгандары ай сайын тиешелүү жөлөкпул алышат. Жөлөкпул алгандардын арасында 1 030 жетим бар. 54 жетим бала фостердик үй-бүлөнүн камкордугуна алынган.

Ким “рэкет” да, ким желдет?

Сөздү минтип жетим балдардан баштаганыбыз, акыркы жылдарда атасы тирүү туруп, атасы сакал кое электе сакал койгондор көбөйдү. Он сегизге чыгып, чыга элек жатып, сакал өстүргөндөр бар. Сегиз тал сербейген сакал жаш адамга жарашпаса да, апсыйтып коюп алганды “модага” айландыргандарды көрүп, “тобо” деп жакаңды кармайсың. Сүйлөсө, ыйман жолунан сүйлөшөт, Кудайды бетке кармашат, пайгамбардын хадистеринен айтат. Бирок, салт билбеген, ата-баба салтын сыйлабаган, атасын сыйлабаган, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаштар экени түк баскан пешенесинен көрүнүп турат. Биз жаш кезде аталар, аксакалдар: “Атасы тирүү бала сакал өстүрбөйт. Ата- сынын өлүмүн тилеген бала сакал өстүрөт” деп сөөмөй кезеп катуу эскертишкени күнү бүгүн эсте турат. Булар болсо, атасы тирүү туруп сакал койгону укмуш. Мындан 20-25 жыл мурда эле жаш курагы 60-65тен ашпай кыргыз баласы сакал койчу эмес. Эгер, небере күтө элек жатып, ээгиндеги ата сакалы жетилбей жатып, зордоп сакал койгондор болсо, улуу муундагылар: “Тиги атасына наалат келтирген немеден алыс болгула, ага жолобогула” деп, андайларды эл арасынан четтетип коюшчу.

Сакал – карылыктын энчиси, сакал – кары адамдын көркү. Кыргызда сакал коюунун да өзүнө тиешелүү кайталангыс маданияты бар. Биринчиден, эркек киши небере жытын искебей, жашы алтымышка келбей сакал койбойт. Экинчиден, сакал менен кошо салабат күтүшкөн, себеби чоң ата болгон, чоң атанын баскан-турганы небереге үлгү болуш керек деп эсептешкен. Сакалчан адам нускалуу сүйлөгөн, өзүн үлгүлүү алып жүргөн. Бейчеки күлгөн эмес. Талтайып, курсагын челкейтип баскан эмес. Үнүн аялдардыкындай чыйылдатып, адамдын итиркейин келтиргендей сүйлөгөн эмес. Эң башкысы, кыргыздын карыялары эч качан сакалын бапсыйтып өстүргөн эмес. Кыскасы, сакалдуу киши – бардык тарабынан үлгү болгон. Дайыма калыс сүйлөгөн, акыйкатты айткан.

Эгер, жаштарыбыз сакал өстүрүп, өздөрүн нускалуу алып жүргүсү келсе, анда талаш жок, өстүрө беришсин, бул алардын конституциялык укугу. Мейли, атасын сыйлагысы келбейби, бул да алардын укугу, баласына дурустап тарбия берип, акыл айта албаган ата анүчүн баласын эмес, өзүн күнөөлөш керек. Кыргызстандын Баш мыйзамында сакал коебу, мурут коебу, же ээгине эчкинин кылын жабыштырып алабы, ага тыюу салынган эмес. Бизде ата-бабалардын салты жаштарга сакал коюуга тыюу салат. Мурутту да өзүнүн кое турган убагы болот. Өзүнчө түтүн булатпай, балалуу болбой туруп, жаш адам мурут койгону да кыргыздын салтына жат нерсе. Кыргызда үч-төрт балалуу болуп, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөргөн адам мурут коюп, анысы менен өзүнүн коомдогу статусун аныктайт.

Шайлоо — 2017: Кимдер жүгүрө башташты, кимге буюрганы турат?..

Кер мурут жигит болуп калган тура”, – деген кеп, үй- бүлөлүү, бала-чакалуу жигиттерге карата айтылат. “Кер мурут болгончо акыл кире элек тура, мурунтугу жок экен”, – делет жеңил жигиттерге карата.

Кыргызстандагы 130 229 жетим бала тууралуу айта келип, улуттук каада-салтта аталуу балага сакал коюуга ты- юу салынарына токтолгонубуз, акыркы жылдарда жаштар арасында сакалчандар көбөйдү. Сакал коюп тим болбой, бөлөк элдин кийимин кийип, бөлөк элдин ырын ырдап, бөлөк элдин дин саясатын таратып, улуттук баалуулуктар унутта калып баратат. Бул акыркы 25 жылдагы Кыргызстандагы реалдуулук. 25 жыл аз убакыт эмес. Бул убакытта бир муун алмашат, мындан 20–25 жыл төрөлгөн балдар өз алдынча турмуш куруп, үй-бүлө болуп калды. Ал эми жаштардын сакал коюусу түздөн түз дин менен байланышкан. Демек, бул бир-эки муун жаштар улуттук каада-салттан динди бийик коюп калышты. Эч кимге жашырын эмес, ата- бабаларынан да динди артык көргөн муун өсө баштады. Бул айтканга жеңил болгону менен улуттук коопсуздук маселесинен алып караганда, өтө коркунучтуу нерсе. Мурдагы мамлекет башчыларынын эссиз саясатынан улам, ислам дининин ар кандай багыттары, агымдары Кыргызстанга тарап кеткен да, бүгүн кимиси ким баарыбыз чаташып калдык. Ошондон улам, акыркы жылдарда мамлекет исламдын ханафи мазхабын, башкача айтканда салттуу исламды өнүктүрүүнү алдына максат кылып койду. Эгер, Кыргызстанды жоготуп албайлы десек, анда мамлекеттин дин саясатын ар тараптуу колдоого алышыбыз керек. Айрыкча жаштар! Эгер, алар салттуу исламды карманып, ошол жолду кармана турган болсо, анда жаштар үчүн сакал коюу өкүм же милдет эмес экенин түшүнмөк.

Исламдын Кыргызстанда тыюу салынган маликия мазхабындагылар, шафиий мазхабындагылар, же ханбалия мазхабындагыларда сакал коюу өкүм катары саналат. Эскерте кетчү нерсе, бизде, Кыргызстанда маликия, шаабий, ханбалия мазхабдарына чектөө коюлган. Чектөө дегенибиз тыюу деген сөз.

Чын-чынында, дин – атом сыяктуу нерсе. Эгер, атомду согуш үчүн пайдаланса, андан атом бомбасы жасалат, а эгер тынчтык үчүн пайдаланса, атомдон энергия алынат эмеспи. Куду ошондой эле динди адамзаттын жыргалчылыгы үчүн да пайдаланса болот, ошондой эле дин ар дайым согуштардын, чыр-чатактардын башкы себеби болот. Ошол эле учурда, элге жылуулук берген атомдук станция күндөрдүн биринде аварияга учураса, Чернобылга айлана- рын унутпашыбыз керек. Сирия, Ирак анын айкын мисалы.

Жакында эле Тажикстан спортсмендеринин сакал коюшуна тыюу салды. Бизге да спортсмендерге, мамлекеттик кызматкерлерге, дегеле саясатка аралашкандарга сакал коюуга тыюу сала турган мезгил келип жетти.

Кыргыздын ата салтында бекеринен аталуу балага сакал коюуга тыюу салынган эмес. Ансыз да 130 229 жетим бала бар, эми алар тагдырдын буйругу менен жетим болуптур, а тиги сакалчан жаштарчы? Атасы туруп сакал өстүргөн жаштар өз мамлекетин, өз улутун жериген жетимдер болуп калабы?

14 thoughts on “Атасы бар бала сакал койбойт…

  • Май 19, 2017 at 9:51 дп
    Permalink

    сакал бул суннот, силерге жакбаса бизге жагат! Биздин чон аталарыбыз сакалчан болгон билип алгыла! Жаштар сакалы жок каапырлары туурабай, пайгамбарыбызды туурарайлы деп сакал коюшат!

    Reply
  • Май 19, 2017 at 2:05 пп
    Permalink

    Кайсыл далилдер менен так кесе айтып жатасынар? ата бабларыбыз жаш туруп сакал койгон емес сакал койуунун мезгили озунчо маданияты болгон кыргызда.Ошол нерселер ислам дини пайда боло електе калыптанып бизге чейин жетти.Еми азыр чала молдо болушуп ата салтынан танып бараткандарга не деп айтууну да билбейсин!!! Емне десен да жообу даяр созго маани бербей талаш тартыш жаратышат!!!

    Reply
  • Май 19, 2017 at 2:50 пп
    Permalink

    Азыр аларга кайдагы бир арабдар ата болуп, аларды үлгү катары көрүп жатышпайбы. Жогоруда бирөө жазып жатат го (Данияр): сакал бул суннот, силерге жакбаса бизге жагат! Биздин чон аталарыбыз сакалчан болгон билип алгыла! Жаштар сакалы жок каапырлары туурабай, пайгамбарыбызды туурарайлы деп сакал коюшат!. Бул өтө коркунучтуу жагдайды түшүндүрөт. Сакалы жок болсо эле каапыр болуп калабызбы? Арабдардын улуттук кийимин кийбесек каапыр болуп калабызбы? Таза жана жарашыктуу кийим, ак калпак кийип, сакал мурутту алып жүрсөк каапыр болуп калабызбы? Эгерде эртең бир араб келип, кошунаңдын сакалы жок экен, аны өлтүрүш керек десе Даниярга окшогон жигиттер эч бир ойлонбой туруп арабдын айтканын жасашат. Андай эле өзүңөрдү өзгөчө сезсеңер, чөлгө барып ошол араб бир туугандарыңар менен жашагыла. Дин сакалда, кийимде эмес. Дин жана ыйман жүрүш турушуңда, сүйлөгөн сөзүңдө, коомго кылган мамилеңде го.

    Reply
    • Май 19, 2017 at 11:58 пп
      Permalink

      Маскарапоз болуп журосунбу дагы деле? сенин кайсы каада салтын калды? Далилди эмне кыласын! силердейлерге кудайым туура тушунук берсин Жана дагы туура жолго салсын! Сакалым менен ишин болбосун! Тарыхий документке таянсан анкоо киши болбой кайсы китептен окудун эле? Сакал жонундо архивде фото документтер бар. Китепканага бардын беле озу? Суйлойт десе суйлой берет чала молдо сыяктуу чала журналист болбогун.андай аргумент келтирбе толук динди кыргыз салтын билбей туруп. Орустар жазган тарыхты окуп (манипуляция) жазганын кара. сен санжыраны оку Анан анализ прогноз жаз элди бузба чала сабаттар окуп алып сени философ кылышпасын бул «»» уят»»» иш тезинен макаланы очур макулбу?

      Reply
  • Май 19, 2017 at 11:35 пп
    Permalink

    Менин айтаарым, сакалдан башка толтура мамлекеттик денгээлдеги маселелер бар, мисалы таза суу маселеси же болбосо коррупция маселеси ушул маселелерди чечип алып анан сакалды суйлойлучу.

    Reply
  • Май 20, 2017 at 12:02 дп
    Permalink

    Сенин озундун интуициян менен чыгарылган макалын кайсы китепте жазылган экен? Жазсан жооп текшерели. Макал деген соз кайдан келген арабдардан!

    Reply
  • Май 20, 2017 at 5:30 пп
    Permalink

    Автор акылын жетпеген нерсеге кийлигишип эмне кыласын. Андан коро, тообо кыл, жанын кекиртекке жетелекте. Сабырдуу бололу. Акыры бир куну, Аллах Таалам чындыкты ачыкка чыгара турган да кун келет.

    Reply
    • Май 21, 2017 at 5:37 пп
      Permalink

      Автор акылын жетпеген нерсеге кийлигишип эмне кыласын. Андан коро, тообо кыл, жанын кекиртекке жетелекте. Сабырдуу бололу. Акыры бир куну, Аллах Таалам чындыкты ачыкка чыгара турган да кун келет.

      Reply
  • Май 20, 2017 at 6:02 пп
    Permalink

    Тарыхыбызды, маданият жана салтыбызды толук билбей эле, кызыл тилге салып кооздоп жазып койсом эле эл ишене берет деген туура эмес го. 20-25 жыл мурун деп жазыптыр, ал убакта орус маданияты куч алып турган кез, чыныгы салт маданиятыбыздан мисал алуу учун орус доорунан мурунку убакты алуубуз керек. Koshulam, kee bir jawtar moda katary, je elge korunuu uchun sakal koyup jatywat, kee biri sunnot dep ele bolgon betine osturup alyp atywat, sakal koyuunun da madaniaty bar, taza, tykan kilip alyp juruuloru zaryl. Birok bul jerde avtor biliminin jetiwsizdiginenbi je ataylap eldi kyzyl tilge salyp aldoonun sebebinenbi, madaniatybyzda, saltybyzda taryhybyzda mynday jok dep tuura emes maalymat taratyp jatat. Mynday maaniluu temadagy maalymatty taratuudan murun taryhybyzdy jakwylap izildep anan taratywybyz kerek, kee bir adamdar uwularga iweniwet, jana alarda bawkalarga tarkatywat.

    Reply
  • Май 20, 2017 at 8:44 пп
    Permalink

    Шайтандын аскерлери дагы минени башташты!

    Reply
  • Май 21, 2017 at 9:33 дп
    Permalink

    ушуну колдогондор менин суроомо жооп бергилечи сураныч! Мини юбка да салтбы ошондо, чыптаган эркектердин джынсы шымы дагыбы, келин жоолук салынат дечу эле, апалардын элечеги кана, акылдуу ак сакалдардын акылы м.н ак сакалы кана? Канчанкыга чейин эле исламды жамандап басып журосунор? Европа биздин улуттук кийимдерди салтты бузган жокбу?

    Reply
  • Май 21, 2017 at 1:23 пп
    Permalink

    Мусулман болгондон кийин сакал коюш керек бул суннот. Пайгамбарыбыз адейхи салам айткан,пайгамбарыбыз айткандан кийин салт-палтты жыйыштырыш керек нары эгер ал салт шариатка туура келбесе. Шариат адам чыгырган салттан да жогору турат!!!

    Reply
  • Май 21, 2017 at 1:27 пп
    Permalink

    мусулман болгондон кийин толук мусулман болуш керек Аллахтын буйругуна баш ийип пайгамбарыбыздын сунноттун карманып. Ар деме-бир деме деп эле оюнан чыгарып тантырпй бербей!

    Reply
  • Май 21, 2017 at 3:59 пп
    Permalink

    Сакал койсон окшойсун эркекке
    Сакалын жок болсо окшойсун катынга
    Сакал бул эркектин эркек экенин тушундурот

    Reply

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *