Ошто Милициянын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Тепе-Коргон милиция бөлүмүнүн башчысы, К.К. аттуу майор пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 17-январда ички иштер органдарына 22 жаштагы жаран кайрылып, милиция кызматкери андан 200 доллар талап кылып, болбосо дүкөнүн жабуу менен коркутуп жатканын айткан. 18-январь күнү милиция кызматкери 7 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факт боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313 жана («Пара алуу») 304- («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө-иликтөө ишин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт.