Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү улантылууда

2018-жылдын 18-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 246, 231, 223, 222 чакырымдарында жалпы 35 даана снаряд атылып, 43100 метр куб кар көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 19-январда улантылат.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдары) унаа жолунда коопсуздукту  камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 16-январдан 22-январына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу гана жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.