“Акылдуу шаар” долбоорунун инвестору “Мегакомду” сатып алууга ниеттенүүдө

“Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Мегакомду” сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда сунуш каралып жатат. Баасы канча боло турганы боюнча шарттар карала элек.

Эске сала кетсек, “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири болуп саналат. КР өкмөтү менен кол коюлган келишимге ылайык, компания долбоорго 9 млн доллар салып жана түшкөн кирешенин 15% ээ болот.