АКШда Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерине токтолуп, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кызматташуусун активдештирүү жана өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 20-жыйынын өткөрүү мөөнөтүн аныктоо боюнча сөз болду.