БШКга Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына “Республика — Ата-Журт” фракциясынан депутат Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыз түштү. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Бабановдун колу коюлган арызды анын ишенимдүү адамы алып келген.

“Негизинен бизге мандаттан баш тартуу боюнча арыз түштү жана фракциядан Бабанов аны кайрадан артка кайтартып албай тургандыгын билдирген кепилдик каты келди. Бабанов арызга 8-январда кол койгон, ал эми жөнөтмө катка 17-январда кол коюлган”,-деп билдирди ал.

Боршайкомдун мүчөлөрү келип түшкөн арыздын негизинде Өмүрбек Бабановду депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу маселени бүгүн карашы мүмкүн.