Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

– “Ой, апа, эчтеке болбойт! Коюңузчу. Кайдагы эле бир жомокторду айта бересиз!” – деп эрдемсиген бул да анда.

–  Аа,  балам,  “Кудай  деген  кумурсканын буту сынбайт”, жаштыгыңар менен кара күчүңөргө ишенип, өзүңөрдү да, элди да азапка салбасаңар болду. “Карынын кебин капка сал” дегенди унуттуңар. “Качкандын да, куугандын да Кудайы бар” дейт, – деп таарынгансып калган.

Чыны менен эле жаштыктын шарапаты, күүсү менен ким-кимисинин көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган болчу. Эми ошол күндөр кайра бир кайтып келсе, апакесинин бир сөзүн куру кетирбес эле го, аттиң! “Энелүү жетим – эрке жетим” кылып, “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” багып-тегип, эрезеге жеткирген энесин алаканга салып, кареги менен тең айланып, бутунан өөп турбайт беле!

Шордуу эне, эми эмненин күнүн көрүп жатты экен? Баласынын өлүү-тирүүсүн биле албай боздоп, күйүт менен күтүүдөн кареги соолуду бекен же бечара бүжүрөп, бүктүшүп жатып калдыбы? Балким, демейде эле баласынын кандай күндө экенин алыстан эле жүрөгү сезип, түшүндө көрүп, төлгө сала коюп божомолдой берчү эне эми да уулунун кайдадыр

канаттары кайрылып, бирок тирүү жан экенин сезип, ого бетер кайгыдан кабырылып калгандыр же: “Аман-эсен келгиче уулума Кудайдан күч-кубат сурайын, ага чейин санаам тынып кантип өлөм, кокуй!” – деп кайраттанып, кара күчкө басып жүрөбү? Атаңдын көрү, дүнүйө, жок дегенде ошол энесинен ка-бар ала алса эмне?!

Деги эле, жалаң солкулдап, күчкө толуп турган уулдарын жер жутуп кеткенин билип-билбей, бир айылдын элинин башына каран түн түшүп тургандыр?! Ошолор бар болду бекен деги?! Балким алар да?!.. О, жок,

жок!..

Жигит бир катуу күрсүнүп алды.

Көпкөндүк менен чак түштө айгай сала каптап келип, бир айылдын элин кыйсыпыр кылып, чаап-өрттөгөнүн эстеп, заманасы тарып кетти.

Ошондогу айылдын үстүн кара булуттай каптаган кара түтүн, дүркүрөгөн кызыл жалын, туш-туштан абалаган иттердин, бири-бирин жоктоп “кокуйлаган”, жансоога сураган кары-жаштын ызы-чуусу, чучуктай чыңырып алып “тып” өчкөн балдардын үнү…

Алардын  арасында  Күнайым  менен Дүрайымдын да ата-энеси, бир туугандары…

Энеси айткандай, зоңкулдак жигит башынын кыйкырык-сүрөөнү менен жинди чөптүн күчү буларга ого бетер дем берип, эмне кылып жаткандарын бирде билсе, бирде билбей…

Дүрайымды кучагынан итерип жиберип, башын мыкчып отура калды да, адатынча жер сүзүп жыгылды жигит.

Тээ асканын башы тарапка бир умсуна карап, улутунган Дүрайымдын асманды, күндү, булуттарды көргүсү келип кетти.

Жамгырды сагынды.

Дыбыраган жамгырда: “Чачыбыз өссүн”, – деп көл-шал болуп турчу бала чагын эстеп, жымыйып күлүп алды. Анда да атаандашы – Күнайым боло турган.

– Дүрайым, өпкөңө суук өтөт! Кир үйгө! – деп апасы кайра-кайра чакырганына карабай, кыздардын баары эчак эле үйлөрүнө кирип кетсе да болбой, дыбыраган жамгырда тура берер эле.

– Апа, чачым эмнеге Күнайымдыкынан кыскараак? – дечү үйгө киргенден кийин, адатынча атасынын ичигинен башын чыгарып, ээги-ээгине тийбей үшүп отуруп.

– Бир чачтын өсүмү батыраак, бирөөнүкү жайыраак болот, балам.

Апасынын бул сөзү ага жакчу эмес:

– Эмнеге анда аныкы батыраак, меники жайыраак?

– Баягыңды дагы баштадыңбы?

– Эмнеге аныкы дайыма эле баары менден жакшыраак?

Апасы унчукпай, атасын карачу.

– Анткени, сен ага карганда акылдуу, бактылуусуң да, кызым, – дечү атасы кызын жубатып.

– Эмнеге? – бул жооп, бир чети жөн гана жубатуу экенин билсе да, майдай жакчу ага, ишенгиси келчү. – Чынбы?

– Чын. Мисалы, карачы, адам баласы төрөлгөндөн кийин бир жылда барып араң басат, ыраспы?

Кыз башын ийкейт.

– Ал эми козу, улак, күчүктөр туула калып эле чуркайт. Кана, ойлонолучу эми. Ким канчалык ылдам телчиксе, ошол бактылуу деп ойлойсуңбу?

Кыз ойлонуп калат.

– Жо-ок! – атасы кызын адатынча ушинтип алдап, соорото баштайт. – Алар канчалык эрте телчиккени менен, ошончолук эрте картайышат. Үч-төрт жылдан киийн эле тиштери түшө баштайт. Ал эми адам болсо, кеч басат, кеч торолот, ошончолук узак жашайт. Эми айтчы, кимиси бактылуу экен? Бат чоңоюп, баарына бат жеткенби же шашпайбы?

Кыз “жымың” этип күлүп жиберет.

– Ии, бучук, түшүндүңбү? – атасы кызынын көңүлүн таап, жооп берип кутулганына кубанып калат.

– Түшүндүм, – деген кыз кудуңдап жыргап калчу. Мындай учурда ага атасынан өткөн акылдуу эч ким жок эле. Ал түгүл ушуну да билбеген апасын аяп кетчү.

Ушул: “Мен баары бир сенден акылдуумун, бактылуумун. Анткени сенден көп жашайм”, – деген ишеним кийин, ал бой жеткен кезде деле жадымында жатталып кала берген болчу.

Ата-энесине болгон кусалыгы жанына батып кеткенин эми чындап туйду. Болбосо, Зумуратка болгон сезими аны буга чейин бир топ эле бар азаптан, анын ичинде сагынычтан арачалап, алаксытып келген экен.

Айрыкча, кара көрпө ичигин желбегей жамынган атасы калдайып, көз алдына келе калды.

– Атаке? – деп, көзүнүн жашы буурчактап, ээги эмшеңдеп кетти. – Сагындым. Мени бу жерден алып кетчи?

Зумурат башын көтөрүп, Дүрайымды карады.

Дүрайым чындап эле атакеси келип калгандай эреркеп, кайдадыр жалооруй тиктеп, кудум кубанычтан эмне кыларын, эмне айта-рын билбей калган адамча абдаарып турган.

Жигит артына бурулуп карады.

Бирок көзүнө баягы эле калдайган аскадан башка эч нерсе көрүнгөн жок.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.