Кыргызстандан дагы автомобиль чыга баштайт

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз-өзбек алакасынын оңолгону өлкөбүздүн экономикасына дагы өз таасирин тийгизүүдө. Ушул жыл аралыгында Өзбекстан Кыргызстандын бир катар шаарларына 10 ишкана ачууну көздөөдө. Алардын арасынан жетиси жеңил унааларды, автобустарды, айыл чарба жана кошумча техникаларды куроочу ири ишканалар болмокчу.

Шумкарбек Адилбек уулу

Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, эми биз тараптан өзбекстандык темир тулпарларды Кыргызстандын рыногуна чыгаруу боюнча бир катар укуктук шарттардын түзүлүшү гана калды.

– Азырынча өзбекстандык унааларды экспортко чыгаруу боюнча сөз боло элек. ЕАЭСтин техникалык регламенти боюнча кайсы бир товарды Кыргызстанда жасалган деп таануу үчүн анын комплектациялоочу жабдыктарынын жок дегенде 50 пайызы бул жакта, биздин өлкөдө өндүрүлүшү керек. Азырынча биз андайга жете элекпиз. Ошондуктан башында унааларды башка өлкөлөргө экспорттоого эмес, Кыргызстандын ичинде гана колдонууга шарттар түзүлөт – дейт Шумкарбек Адилбек уулу.

Өзбек автоунаа өндүрүшүнүн тарыхы

Өзбекстанда СССР маалында биз  сыяктуу  эле  автомобиль  заводдору жок болчу. Бүгүнкү күндө автомобиль өнөр жайы өзбек экономикасында  өзгөчө  орду  бар, эң алдыңкы тармактардын бири. Өзбекстан  дүйнөдөгү  автотранспорт өндүрүүчү өлкөлөрдүн сап башында болбосо дагы, жоон топортосунда, КМШ аймагында Россиядан кийинки эле экинчи, Орто Азияда биринчи орунда. Жылына 250 миң автомобиль өндүрүү менен өзбек калкынын басымдуу бөлүгү дал ушул тармакта иш менен камсыз болгон. Өзбек авто өнөр жайынын “тушоосу” Түштүк Кореялык атактуу “Daewoo” корпорациясы менен келишим түзүлгөн, 1993-жылы кесилген. 1994-жылы “Daewoo” менен “UzAutoSanoat” компанияларынын ортосунда “UzDaewooAuto” биргелешкен автозаводу ишке берилип, 1996-жылы Анжиан облусундагы Асака шаарындагы заводдо эң алгачкы автоунаа чыга баштаган.

Учурда  Асака  автозаводу:  – Ravon Matiz, Ravon Gentra, Ravon Nexia, Ravon R2, Ravon R4, Таш-кент автозаводу: Chevrolet Malibu, Chevrolet Malibu 2, Chevrolet Captiva, Хорезм  автозаводу:  Chevrolet Damas, Chevrolet Labo, Chevrolet Orlando автоунааларын чыгарса, Самарканддагы автозаводдо автобустардын 4 модели, жүк ташуучу авто унаалардын 5 модели өндүрүлөт.

“Кыргызстанда автоунаанын баасы кескин арзандайт”

Өзбекстандын автозаводдору Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында курулат. Алгачкы этапта өзбектер кыргыз жеринде “Ravon” унаасынын эки моделин чыгарууну  пландоодо.  Кыргызстан Бажы уюмуна киргенден бери чет өлкөдөн ташылып жаткан унаалардын саны кескин түрдө кыскарып, баасы да бир кыйла кымбаттап кеткен. Бирок Кыргызстандын автоунаа базарына чет элдик ири инвесторлордун кириши менен автомобилдерге болгон баа саясаты түп тамырынан бери өзгөрөөрүн эксперттер айтып чыгууда. Алардын бири Базар, өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын  президенти Сергей Понамарев sputnik.kg маалымат агенттигине өткөн жылдын ноябрь айында маек берип, анда

Сергей Понамарев

“Жакынкы эки жыл аралыгында Кыргызстандын авто базарынын жаңы доору башталат. 2019­жылы системаны толугу менен өзгөртө алган жаңы оюнчулар пайда болот. Ири инвесторлор Кыргызстандын аймагында эконом жана орто класстагы авто унааларды кураган заводдорду ачканы турат. Жаңы автоунааларды сатууда дагы пайызсыз узартып төлөө шарттары менен коштолгон маркетингдик ыкмалар сөзсүз колдонулат. Баалары дагы анчейин кымбат болбойт. Демек, Кыргызстандын базарындагы колдонулган азыркы эконом жана орто класстагы авто унаалардын баасы кескин түрдө арзандайт” – дегени бар.

“Daewoo” Кыргызстанга да келмек, бирок…

“Жел  болбосо  чөптүн  башы кыймылдабайт”  –  деген  жакшы сөз бар элибизде. Тагдыр чечүүчү ошол  1990-жылдардын  башында Өзбекстандын авто өндүрүшүн гүлдөткөн “Daewoo” корпорациясы Кыргызстанга дагы келип, биргелешкен ишкана түзүү боюнча сунуштарын айтканда, биздин ач көз чиновниктер ири суммадагы пара сурап, корей инвесторлорун иренжиткендиги тууралуу сөздөр көп жылдардан бери эле айтылып келет. Албетте бул сөздөрдүн чын-бышыгын так айталбайбыз, бирок алдым-жуттумдан башкага башы оорубаган ошол кездеги кыргыз чиновниктеринин табиятын эске алсак, бул сөздөрдүн чындыгы бардай. “Легендарлуу парламенттин” депутаты, ардагер саясатчыларыбыздын бири Кемел Ашыралиев бул окуя боюнча эмне дейт?

Кемел Ашыралиев

–  Ооба,  мен  анда  “легендарлуу парламентте” депутат болчумун. Ал кезде кореялык инвесторлор келип, биз менен кызматташуу боюнча пайдалуу сунуш­пикирлерин билдирип,  иштешүүнү  каалаганы боюнча  кабарлар  чыккан.  Бирок, биз тараптан жеке кызыкчылыктар ойноп, ири көлөмдөгү пара талап кылынгандыгы боюнча коомчулукта көп эле айтылып жүрдү. Алар мындай мамилеге кол шилтеп, Өзбекстанга кетип калгандыгы боюнча да маалыматтар бар. Бул маселе президенттин, өкмөттүн тегерегинде гана болуп, парламентке өткөн эмес. Тактап айтканда, кореялык инвесторлордун сунушу парламентте расмий түрдө каралып, атайын протокол түзүлгөн эмес. Инвесторлорду тартууда ал мезгилде жеке кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгып турган. Кой терисин жамынган бир катар чиновниктер четинен байып, чөнтөктөрүн толтуруп, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин эртеңкиси экинчи планда калган эле.