22-январга карата аба ырайы

Кыргызстанда 22-январда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте 22-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт.