Бишкекте акын Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси болот

«Мени издесең ырларымдан табасың» деп аталган эскерүү кечеси 25-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Мамлекеттик тил комиссиясынан «Азаттыкка» маалымдашкандай, кечеде акындын ырлары окулуп, жаш акындар Эгемберди Эрматовго арналган чыгармаларын аткарышат.

Акын, драматург, котормочу, публицист жана коомдук-саясий ишмер Эгемберди Эрматов өткөн жылы 24-январда 66 жашында оорудан каза болгон.

Эгемберди Эрматов «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептерин, «Аксаткын менен Мырза уул» драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» дастанын жазган. Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн.

2010-жылы Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-2017-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Булак: Азаттык