Чычкан суусуна бензовоз кулап, бир адам көз жумду

Бишкек-Ош унаа жолунда Freightliner үлгүсүндөгү бензовоз Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында 20-январда болжол менен саат 23:15 катталган.  Кырсыктан бир адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

Унаада 38 тонна күйүүчү май болгон.