Бишкекте завод өрттөндү

Бишкектеги Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан “БМЗ” ААК заводунда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү кечки саат 21:17 келип түшкөн. 100 чарчы метр директордун кабинетиндеги шкаф, үстөл, отургучтар, ноутбук, китептер, иш кагаздары, кондиционер толугу менен күйүп, өрт үчүнчү кабатка өткөн. 10 чарчы метр терезелер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.