Сапар Исаков форумга катышуу үчүн Давоско учуп кетти

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн Давоскожөнөп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экономикалык форум 23-январда Швейцариянын Давос шаарында өтөт. Форумдун алкагында премьер-министр Исаков башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушат.

Давос форуму — дүйнөдөгү кадыр-барктуу экономикалык иш-чаралардын бири. Быйыл 23-26-январда өтчү форумга 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, 1000ден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.

48-жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк форумда дүйнөнүн келечеги талкууланат.