Соцтармактарда узак убакыт отурууга болбойт

Интернет жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып, жаш муундар түгүл жашы өтүп калгандар деле телефонун чукулап, интернетте отургандыгын көрүүгө болот. Бул туура эле көрүнүшпү же туура эмеспи? Бул суроонун тегерегинде ой чубап көрдүк.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны учурда 4 миллиондон ашты. Анын ичинен 1 миллиондон көбү Фейсбук, Твиттер, Менин дүйнөм, Классташтар, Инстаграм өңдүү социалдык тармактарда отурушат. Соцтармактар маалымат алуунун ыкчам бир түрү жана таанышуу, баарлашуу, жумуш ж.б. үчүн колдонулат. Интернеттин жаштарга, дегеле адамдарга тийгизген таасирлери туурасында коомчулукта эки ача пикирлер бар. Социалдык тармактар түркүн долбоорлорду ишке ашырууда, кайрымдуулук акцияларын жүргүзүп, ыкчам чараларды көрүүдө эң ыңгайлуу. Деген менен психологдор соцтармактарды ашкере колдонуу табигый байланышты жок кылат деп коңгуроо кагып келишет.

Албетте, адамдар ар түркүн максатта интернетти колдонушат. Учурда көпчүлүгү соцтармакчаларга катталып, баракча ачып, баарлашып, өзүн пиарлап, же жөн гана бош убактысын ошол жакта өткөрүүнү адат кылган. Көбүнчө окшош, кунарсыз жашоодон тажагандар интернетке баш багышат экен. Маалымат жазуу, пикир калтыруу, сүрөт жайгаштыруу бир караганда күнүмдүк адаттар. Бирок, психологдордун пикиринде мындай адаттар акырындап көз карандылыкка алып келет. Соцтармактардын таасиринен анча маани бербеген, баркы, баасы жок, байкалбаган нерсе идеалдашып, виртуалдык дүйнө чыныгы баалуулуктардын маанисин жок кылууга чейин жетет. Интернет колдонуучулар ар дайым өзүн башкаларга салыштырып, атаандашып отуруп, өзүнүн чыныгы жашоосуна аз көңүл бөлүп калат. Адамда индивидуалдуулук жоголот. Эксперттердин айтымында, соцтармак керек болсо жалкоо, акылсыз болууга чейин жеткирет. Британдык изилдөөчүлөрдүн жүргүзгөн социалдык сурамжылоосуна таянсак, адамдардын 55%ы соцтармактар алардын жүрүм-турумуна зор таасир тийгизерин, 53%ы өз жашоосун башкаларга салыштыруудан улам маанайы түшөрүн белгилешкен. Сурамжылоого катышкан топтордун 3төн 1 бөлүгү кайсы бир себептен соцтармактардагы өз аккаунтуна кире албай калса, абдан катуу стресске дуушар болоорун, маанайы чөгүп, жинденип, жакындары менен урушуп, уйкудан калып, издегени бир гана интернет болуп каларын, өзүн өзү башкаруу начарлап, эмоцияга алдырып коюшарын айтышкан. Демек, соцтармактар кээде эмес, күн сайын деле биздин жашообузга терс таасирин тийгизет экен.

А ден соолукка таасири кандай?

Улуу  Британияда  #StatusOfMind  долбоорунун  алкагында адистер кайсы соцтармак адамдын ден-соолугуна көбүрөөк зыян тийгизерин аныкташты. 14-24 жаштагы 1500ден ашык адам социологдордун суроолоруна жооп берип, натыйжада “YouTube” видеохостинги адамдын ден-соолугуна зыянын тийгизбеген платформа катары бааланган. Экинчи орунда “Twitter”, үчүнчүдө — “Facebook”, төртүнчүдө — “Snapchat”, эң соңку орунда “Instagram” турат. “Instagram” ачууну келтирип, стресске кабылтат жана колдонуучулар бири-бирин мазактоочу, шылдыңдоочу жерге айланып бара жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле адистер дүйнөлүк желелерде эки сааттан ашык отурбаш керектигин белгилешет.

Соңку мезгилде балдар арасындагы ашкере салмак, аутизм, көрүүнүн начарлоосу, рак жана диабет ооруларынын, жыныстык жактан эрте жетилүү көп кездешип жатышына бир гана сыналгы менен компьютердин таасири тийип жатканын окумуштуулар иликтеп чыгышкан.

Балдар менен жандуу сүйлөшүү артык

Мектеп окуучулары дагы интернет клубдарда компьютердик оюндарга убактысын коротууну адатка айлантышкан. Балдардын сабакка барбай, башка иш менен алек болуп жүргөнүн ата-энелер байкабай да калышат. Эл аралык адис, окумуштуулардын бир нече иликтөөлөрүнүн топтому “Биоложист” журналына жарыяланып, анда соңку мезгилде балдардын көп ооруларга чалдыгышына сыналгы менен компьютердин таасири тийип жаткандыгы айтылат. Психологдор балдарга ымыркайынан эле бардык нормаларды үйрөтүү зарылдыгын, анын ичинде сы-налгы, компьютер алдында отуруунун убак-тысын, көрсөтүүлөрдүн нормасын сунуштап келишет. Балдарга акыл-эсин өстүрө турган мультфильмдер, жаратылыш, жаныбарлар тууралуу кызыктуу көрсөтүүлөр сунушталат.

Тилекке каршы, азыр агрессияны жараткан мультфильмдер көп. Алар балдардын тын-чын алып, уйкусун бузуп, башы, көзү ооруган, жини чукул, тынчы жок, өздөрүн бир орунга кое албаган, гиперактивдүү кылат экен. Муну медицина кызматкерлери дагы баса белгилеп келишет. ЮНЕСКОнун иликтөөсүндө азырбалдардын 95%ы жумасына 28 сааттык убактысын сыналгынын алдында өткөрөт. Ошондой эле иликтөөлөр дүйнө жүзүндөгү балдардын 25%ынын сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлаганын аныктаган. Бул көрсөткүч мындан 50 жыл мурда 4%ды гана түзгөн. Окумуштуулар мунун негизги себеби ата-эне же дагы башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн бала менен жандуу сүйлөшүүсүнүн жоктугунан деген тыянакка келишкен жана келечекте өз оюн ачык билдире албаган, айтканды гана жасаган, б.а. робот сыктуу адамдардын мууну чоңоюшу ыктымал-дыгын белгилешүүдө.

Интернеттеги коркунуч

Интернеттеги коркунуч же киберкоркутуу  өспүрүмдөр  үчүн  абдан  актуалдуу маселе. Киберкоркутуу – интернет түйүндөрү аркылуу атайы багытталган аракеттер. Өспүрүмдөрдүн аң сезимине психологиялык таасир этүү, коркутуп-үркүтүү, шантаж ж.б. Мындай коркунучтарды коопсуз кыла турган Enough is Enough деп аталган атайы чоң коом дагы бар. Аталаган коомдун иликтөөсү боюнча социалдык медианы колдонгон өспүрүмдөрдүн 95%ы киберкоркутууга дуушар болот, 33%ы бул көрүнүштүн курмандыгы болушкан. Соцтармактар менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты изилдөөдө 12-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн 70%ы наркотик колдонушаары, 5 эсе көп тамеки чегери, 3 эсе көп спирт ичимдиктерин колдонору, 2 эсе көп марихуана чегишери белгилүү болгон. Өспүрүмдөрдүн 40%ы социалдык медиадагы ар түркүн сүрөттөрдүн таасирине дуушар болот. Колдонуучу социалдык тармактагы кайсы бир окуяны билбей өткөрүп жиберүүдөн коркуп жашайт. Ар дайым ушул сезимдин басмырлоосунда жашап, коркуу сезими курчуйт. Адам ар дайым башка колдонуучунун көз алдында анын баракчасындагы сүрөтү кандай көрүнүүдө, ошондой эле статусу, же пикири кандай кабыл алынат де-ген санаа тартууда жашайт. Соцтармакка кирбегендерге караганда тынбай киргендер негизинен бактысыз жана жашоосуна канааттанбагандар экени далилденген.

Соцтармактардын жардамы да чоң

Жоголуп кеткен балдарды табуу же операцияга каражаты жетишсиз жарандарга соцтармактын жардамы дагы көбүрөөк тийген учурлар бар. Мисалы, Кыргызстанда картондо уктаган баланын сүрөтү интернетте катуу талкууланып, миңдеген адам бул сүрөт менен бөлүшүп, бир заматта кичинекей Исхак 3 жашта экендиги, 2 бир тууганы бар болгондугу жана энеси базарда унаа токтотуучу жайда иштей турганы маалым болгон. Исхактын тагдырына мурдагы президент Атамбаев өзү кийлигишип, Ош облусунун жергиликтүү башкармалыгы турак жай маселесин чечип, көптөгөн көңүл кош болбогон адамдардан материалдык жардам тууралуу сунуштар түшкөн.

“Азаттык” маалымат булагы даярдаган «Тепшиге байланган тагдыр» жана «Базарда баштык чогулткан 13-жаштагы Айчүрөк» видеотасмалары дагы талкууга алынган соң, министрликтер ордунан жылып, колдонуучулар арасында да материалдык жардам көрсөткөндөр көп болгон. Жоголгон баланы табууда да социалдык тармактардын күчү чоң. Балдар бакчасынын жанынан жоголуп кетип, Социалдык тармактагы бөлүшүү аркылуу колдонуучулар ыйлап жаткан баланын ата-энесин 1 саатта таап беришкен.

Кызык экен

Социалдык тармактардагы эң үлкөн компаниялардын (Facebook, Twitter, Linkedin, Vkontakte, Mail.ru) бардыгы бирдей түстү пайдаланышат жана ал-көк түс.

Илимий далилдөөлөргө таянсак маалымат кабыл алуунун эң эффективдүү жолу – көрүү. Маркетинг тармагында товардын түсү көп мааниге ээ. Ошондуктан соц тармактагы ири компаниялар өзүнө көк түстү тандап алышкан. Көк түс мырзалар үчүн да, айымдар үчүн да көйгөй жаратпайт.

Кеңири тараган социалдык желелер

FACEBOOK

Facebook дүйнөдөгү эң ири социалдык тармактардын бири. «Китептин бети» деген маанини берет. Аталган тармак 2004-жылы 4-февралда Марк Цукерберг тарабынан ачылган.

Колдонуучуларынын саны 1 миллиард, 200 миллион адамга жетсе, анын 170 миңден ашууну кыргызстандыктар. Күн сайын 80 миңдей мекендештерибиз бул тармакка баш багышат. Фейсбукту колдонууга тыюу салынган өлкөлөр: Иран, Кытай, Пакистан, Сирия, Бангладеш, Түркмөнстан жана Тажикстан.

INSTAGRAM

Инстаграм мактанганды жакшы көргөндөр үчүн эң жакшы кызмат. Анткени колдонуучулар сүрөттөрүн достору менен бөлүшүп, кандай ой-пикирлер жазыларын теше тиктеп отурушат.

Бул тармактын колдонуучуларынын 68%ын аялзаты түзөт. Аталган тармакты америкалык Кевин Систром менен Майк Кригер түзүп чыгышкан. 150 миллиондун тегерегиндеги адам катталган.

В КОНТАКТЕ

В Контакте – «байланышта» деген маанини билдирет. Аталган социалдык тармак 2006-жылы 10-октябрдан тарта колдонулуп келет. Негиз салуучусу Павел Дуров.

Бүгүнкү күндө колдонуучулардын саны 219 миллионду чамалап, күнүнө 70 миллион адам бул тармактагы баракчасына баш бакмайын тура албайт.

OK.RU

Одноклассники социалдык тармагы «Mail.Ru Group» компаниясына таандык.

Бул тармак 2006-жылы Альберт Михайлович Попков тарабынан түзүлүп, 4-мартта ишке кирген. Күн сайын колдонгондордун саны 44 миллионго жетет. Кыргызстанда ал социалдык тармакты колдонгондордун эсеби 2 миллиондон ашык.

TWITTER

Twitter англис тилинен түзмө-түз которгондо «быдылдоо, көп сүйлөө» деген маанини берет. Бул тармак 2006-жылы АКШнын «Odeo» компаниясынын кызматкери Жек Дорси тарабынан түзүлгөн. Колдонуучуларынын саны 500 миллион болсо, активдүү колдонгондор анын 140 миллионун түзөт.