«Поэзия – бул мен!..Мен өзүм поэзиядан турам!.. Табиятым ушундай…»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


–  Алтынай,  чыгармачылыкка кандай аралашып калдыңыз? Ким  түрткү болду, эмне себептен ыр жазып калдыңыз? Бүгүн акындардын, поэзиянын эч кимге кереги жок болуп  калганын көргөндө, өкүнүч пайда болбойбу?

–  Чыгармачылыкка кулагым угуп, бутум  басып  баштаган бөбөк кезден эле аралашкан  окшойм. Жөжүрөп  эле  “гүл” деп чөптүн бүрүн түрү менен терип, арасына кирип көрүнбөй жо-голуп кетчү экем короонун жака белинде эле. Үйдөгүлөрдү көп издетиптирмин ошентип.  Анан,  сөздөргө эле таң кала берчүмүн. Ким кандай сүйлөйт, эмнени сүйлөйт – аябай  берилип  угуп, мурда мен билбеген жаңы сөздөрдү уксам үйдө чоң энеме келип аябай сурап… Эмнени билдирет, кандай учурда, эмне болгондо айтылат, айтор, “чыгармачылык” менен казып сурачу экем. Сөздөрдүн түгөнгүс момпосуйдай таттуулугу, көөнөргүс көркөм гүлдөрдөй кооздугу чексиз сонуркатып, жомоктой сыйкыры менен бекем тартып, та-бышмактуу, жандуу нерседей туюлчу. Андыктан, уктарда бир-эки кызыктуу жомок айттырмайын, кумар болуп, чоң энеме уйку берчи эмесмин. Кыштын узун түндөрүндө кечкисин атам беш-алты жөжөсүн – бизди тегерете отургузуп алып Саякбай, Сагынбайдын “Манасын” кыраатын келтире уккулуктуу сонун үнү менен окуп берчү. Кийин тамга тааныганы китептер колуман түшпөй, айыл менен мектептин китепка-насынын бирден-бир окурманы болдум. Чоң-кичине эпостор, дастандар, уламыш-болумуштар гезит-журналдар, радионун адабий бөлүмдөрү мен эң сүйгөн нерселер эле. Мектепте сочинениеден дайым беш алчумун. Мугалимим меникин үлгү кылып бүт класска окуп берчү. Башка жакта жа-шаган туугандарга каттарды үйдөгүлөрдүн атынан дайым мен жазчумун. Ошо милдетти мага жүктөп салгансып… Бизден алыс бир шаарчада жашаган таежездебиз тил-адабият мугалими эле, кээде алардыкына барып калсак, же алар биздикине келген сайын мен жазган каттарды эле мактай берчү. “Сенден жазуучу чыгат. Ушу кыз жазуучу болот!” деп эле айта берчү. Ага ичимден күлкүм келчү: “Катты жакшы жазса эле кантип жазуучу болуп калсын?” – деп ойлоп, унчукпачумун. Анткени, бул нерсе оюмда жок кез эле. Чоң класстарга барып калганда Омор Султанов менен Турар Кожомдердиевдин, Жолон Мамытовдун ыр кечелерин телевизордон көрүп калдым. Ошондо, поэзияга болгон ичте бугуп жаткан чоң сүйүүм сыртка атып чыгып, уктабай калдым… Алардын китептерин мурда эле сонуркап окуп жүрчүмүн, эми андан бетер жазданып окуп, кайрадан ачып жаттым… Орус жана башка элдердин классик акындарынын котормолорун да суктанып окуп, мыкты акындарга болгон табитим жакшы болчу. Сын китептерди да көп окуй баштадым. Акындык жолум ушинтип өзүнөн-өзү башталып кетти.

Эми поэзиянын кереги бары же жогу тууралуу. Бүгүнкү күндө акындардын поэзиясы эч кимге кереги жок деп айталбайм. Менде андай туюм азырынча жок. Балким, совет мезгилиндей Өкмөттөн капчык толо акча алганга жетишпей калганыбыздан уламдыр?.. А, чынында поэзия дайым  жан  дүйнө  талап  кылган нерсе болгондуктан рухани канат байлоо сезими гана аны толуктай алат. Байыркы улуу акындар деле биздей эле болгон. Кандай заман болбосун, алар элден моралдык жана материалдык колдоо алып келген. “Талантка көмөк керек” деп элибизде бекер айтылган эмес.

–  Сиз  Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунан окуган саналуу акын-жазуучулардын бирисиз.  Адабий  институттан  билим алуу  сиздин  чыгармачылыкка  кандай таасирин тийгизди? Катардагы эле окуу жайын бүткөнгө караганда,  башкача болсо керек?

–  М.Горький атындагы  Адабият институту мен үчүн чоң  мектеп  болду.  Дүйнөлүк  адабияттын  ар  бир өлкөдөгү жаралуу, өсүү  тарыхы,  багыттары,  жанр-лары,  өкүлдөрү, өзгөчөлүктөрү, учурдагы  ал-абалы  менен таа нышуу,  билип  чыгуу өтө чоң нерсе. Башка бир да окуу жайда мынчалык терең казып окутпайт. Чыгармачыл  чөйрө  дагы  өзгөчөлөнүп  турат.  Анткени,  нукура  нерселер  гана бааланат.

–  Дегеле,  сиздин  турмушуңузда Москва шаарынын орду кандай? Бир кезде сиз ал жакка адабий билим алууга барсаңыз, азыр куу турмуштун айынан барып жатышат?

– Менин турмушумда Москва шаарынын орду – ошо кездеги күчтүү “рухани борбор” катары эсимде бек сакталып калды. Азыр эми заман башка болгону ме-нен, ал жакта дагы деле биздин таланттуу жаштар эмгектенип да, жашап да, билим алып да жатышат. Кандай болгон күндө да чет жакка чыгуунун өзү адамды өзгөртөт, чоң таасир берет. Бардык нерсе салышты-руу менен сыналат жана бекемделет. Эң башкысы адам дайым билимге каныгып, үйрөнүү жолунда, өзүн-өзү өстүрүү жолунда болуу абзел.

– Чыгармачылыгыңыздагы “турмуштук университет” кимдер, эмнелер болду? Чыгармачыл адамда башкаларга окшобогон тагдыр болот дешет, сиз буга кандай карайсыз?

– Чыгармачылыгымда “турмуштук уни-верситет” – ТУРМУШ өзү болду. Союз кыйрап, мамлекет таланып, ошо кездеги мендей жаш чыгармачыл адамдар эч кандай колдоосуз, үстүбүздө үй жок, айласыз баткак кечтик, топурак-чаң болуп, жарыгы жок, суусу жок, жолу жок “жылаңач акын”, “жылаңач курулушчуга” айландык. Көр турмуштун запкысын тартып эле келе жатабыз. Ар бир кишиде тагдыр бар. Акындыкы андан бетер. Аны башкы тема кылып “эзип” жазгандар бар, башка стилде жазгандар бар. Ачык түрдөбү, кыйыр түрдөбү – тагдыр дайым акын менен. Акындык тагдыр – өзгөчө тагдыр!..

– Орус адабияты менен кыргыз адабиятын салыштырса болобу? Эмне өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары бар?

– Орус адабияты менен кыргыз адабияты бири-бирине окшобогон жанаша эки чокудай. Окшоштугу – экөөнүн тең учтарында ак кар, көк муз болуп байыркы элдик бай адабияты жатат. Окшоштугу ХХ-ХХI кылымдагы жазма адабиятыбыз бардык жанрдагы өзүнүн күчтүү өкүлдөрү жана чыгармалары менен эч бир элден кем калбайт.

– Акын болуу үчүн адамда кандай сапаттар, касиеттер болушу керек?

– Акындыкка өзгөчө табит, табият, нукуралык, ички сергек сезим-туюм керек. Мындайларды “акын болуп төрөлгөн экен” деп коюшат.

– Акындардан кимдерге баа бересиз? Кимисинин өзүн, кимисинин ырын сыйлайсыз?

– Мен баа берген акындар көп эле. Ар бир жанрдын, багыттардын, агымдардын өз чыгаандары, таасын өкүлдөрү бар. Өздөрүн көп деле биле бербейм, өздөрүнө кызыкпайм.

– Улуттук адабияттын учурдагы абалына кандай баа бересиз? Өсүү барбы, же адабият чөгүп баратабы? Эгер, өсүш бар десеңиз, кайсыл ысымдарды жана кайсы чыгармаларды айта аласыз, эгер жок десеңиз, ал оюңузду эмне менен бе-кемдей аласыз?

– Улуттук адабиятыбыздын абалы жакшы эле. Өсүү, качан болсо да жеке талант-тардын эсебинен. Жалпы адабий процессте жаш акындардын бир таасын мууну жаралып бекемделип келе жатат.

–  Өз  муунуңуздагы  акын-жазуучулардан бирөө-жарымы Кудай тартуулаган талантын булактын көзүн ачкандай ачып, адабий чөйрө таңгала тургандай эмгек жарата алыштыбы? Дүйнөлүк адабиятка кире турган чыгарма жазгандар болдубу?

– Бул адабий процесс изилдене турган нерсе. Менин муунум өткөөл мезгилдин эң кыйын убактарында жашап, жаралган чыгармаларын эл алдына толук алып чыга элек, чыкса да көмүскө калды деп ойлойм. Дүйнөлүк адабиятка кирчү чыгармалар убакыттын өтүшү менен өз ордун табат.

– Улут жана Мекен, жер жана Ата-журт, дин жана ыйман маселесине көз карашыңыз кандай?

– Эң сонун!.. Элибиз бардык жагынан астейдил. Мен дагы. Ошон үчүн баарына чыдап эч жакка кетпей эл катары эзилип иштеп, жашап жүрөм, жазчумду жазып, койчумду коюп дегендей…

– Эптеп чүргөп ыр же кара сөз жазып  койгон  башка,  учурдагы улуттук  адабиятта  дүйнөлүк классиктер менен ат салышсам деген ысымдар барбы?

– Айттым го, азыр бүтүндөй бир жаңы муун келе жатат деп… Буюрса, уучубуз куру эмес.

– Сиз үчүн поэзия эмне? Жашообу, кумарбы,  хоббиби,  талантпы? Азыркы акындарга эмне жетиш-пейт? Талантпы? Эмгекпи? Уйкаштыктарбы? Изденүүчүлүкпү? Тереңдикпи? Ойлорбу? Эмне?..

– Поэзия – менин өзүм!.. Мен өзүм поэ-зиядан турам!.. Табиятым ушундай. Акынга бул, же тигил нерсе жетишпейт деген туура эмес. Эгер “алар жетишпесе” – ал акын эмес.

–  Жаңы  кылымда  келген  жаш муундагы калемгерлерден кимдерди билесиз? Улуттук адабияттын келечеги бар деп ойлойсузбу?

– Келе жаткан жаңы муунду мезгил өзү сынайт. Электен өткөрөт. Мен аларды ырлары аркылуу гана таанып, “Ала-Тоо” журналы менен “оозандырып” жатам. Өздөрүн жеке тааныбайм. Калганы, жанагы биз айткан тагдырдан… Улуттук адабияттын келечеги дайым өзүбүздүн колу-бузда. Биз кандай жазсак, кандай болсок – ал ошондой…