23-январга карата аба ырайы

23-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…4;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.