Ысык-Көлдө көчкү алдында калган адам изделүүдө

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-январда саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосунун Телки участогунда ч адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшкөн. Алардын экөө куткарылып, бирөөсүн издөө иштери уланып жатат.

Издөө-куткаруу иштерине КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам, жалпы КР ӨКМнен 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.