Ажылыкка бара тургандарды каттоо жүрүп жатат

2018-жылы ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши бүгүн, 23-январда башталды. Каттоо 23-февраль саат 17:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо иши аймактык кезекке туруу тартибинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардын каттоо пункттарында жүргүзүлөт.

Ажылык сапарына бара турган жарандарга РСК банкына алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1000 сом квитациянын негизинде каттоо жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда же кийин төлөнгөн 500 АКШ доллары жана 1000 сомдук төлөмдөр жараксыз деп табылат.