Америкалык чабандестер III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келишет

Nomad cowboys америкалык командасы Кыргызстанда өтүүчү III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келишет. Бул тууралуу команда Facebook баракчасында билдирди.

Ошондой эле Nomad cowboys  кышкы машыгууларынын видеосун көрсөтүшкөн.

Чабандестердин баракчасынан III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойношу мүмкүн болгон оюнчулардын өткөн жылдын декабрында жүктөлгөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында америкалык команда жыйынтыктоочу турнирде Казакстан командасы менен, ал эми 2017-жылдын августунда Астанадагы бешинчи дүйнөлүк көкпар чемпионатында ойногон.