Кожомкул тууралуу тасманын тартылат

Каба уулу Кожомкул тууралуу тасманын сценарийине жана режиссеруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, толук метраждуу (100 мүнөткө чейин) көркөм тасма мамлекеттик заказ боюнча тартылат.

Сынакка катышууну каалагандардан арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат.

Ысымы уламышка айланган балбан баатырдын 2019-жылы белгилене турган 130 жылдык маарекесине карата «Каба уулу Кожомкул» көркөм тасмасын тартууга 25 млн. сом бөлүү тууралуу токтом Жогорку Кеңеште былтыр июнь айында кабыл алынган.