Аскарбек Шадиев: «Күзгө чейин Бишкетин борборунан микроавтобустарды чыгарабаз»

Күзгө чейин Бишкетин борборунан микроавтобустарды чыгарабыз, деп билдирди бүгүн биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ЖКнын эла аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде.

Анын айтымында сентябрь айына чейин Бишкекке 350 автобус алынып келүүсү күтүлүүдө.

Буга чейин мэрия 320-350 автобус сатып алууну пландап жатканы айтылган болчу. Маалыматка ылайык, аталган автобустар газ менен иштей турганы болжолдонуп жаткан.