Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу» 


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Тек гана Дүрайымдын көзүнө көрүнүп жатканын билип, антсе да бүткөн бою дүрүлдөй түшүп, ошол элестин алдында өзүн айыптуу сезип, жандүйнөсүндө далбастап, ансыз да мокоп, шалдайып отурган жаны, кудум кайнатасы кун сурап келгендей башын жерге салып, кулдук урган адамдай шалбырады.

– Ата, атаке? Бизди кечириңиз? – деп ыйлап турду кыз дагы.

Тээ бийиктен күн күркүрөп, боз күңүрт тартып турчу жараңканын ичи чагылгандан улам жаркылдап барып, жалп өчтү. Муну кудум атасынын каары өңдүү кабыл алган кыз:

– Бизди кечир, атаке? – деди көзүнүн жашын көлдөтүп. – Биз мындай болорун билген да, каалаган да эмеспиз. Эми бизди күнөөлөөгө да, жазалоого да кеч. Биз эми бир үй-бүлөбүз. Бизге жардам бер, ата? Зумуратты мен үчун кечириңиз? Ал күнөөлүү эмес! Аны мажбур кылышкан!

Жигиттин денесинен чыпылдап, муздак тер чыгып кетти.

Жер астын-үстүн болуп, тирелген аскалар урап келаткандай болуп кетти.

Канча убактан бери мындай жазаны ал өзүнө-өзү гана берип, өзү менен өзү алышып, өзүн-өзү күнөөлөп, өзүн-өзү актап келген. Кыздардын бири да, эмнегедир буга чейин аны күнөөлөп же анын көзүнчө мындай сөздү айтышкан эмес. “Эми баары кеч. Айтып, дегенде эмне? Ансыз да бечара өкүнүп, өзүн-өзү жеп жүрөт”, – дешкен ким-кимиси. Айрыкча, жигиттин кареги менен тең айланып: “Баарына бир гана Күнайым күнөөлүү”, – деп келген Дүрайымды чыны менен эле ак-караны анчейин  ажыратып  биле  албаган  эрке, маңыроо кыздай туюучу.

Күндүн күркүрөгү эми алыстан угулду.

– Кетип калды, – деди Дүрайым алда кимге таарынгандай ыйлап. – Кетип калды…

Ошондон кийин гана ордунан турган жигит Дурайымды бооруна кысты:

– Мени кечир, Дүрайым? Мен…

– Сенде эмне күнөө? – жигиттин жаагынан сылап, аяй тиктеди Дүрайым. – Бул – тагдыр. Балким, бул Жараткандын экөөбүзгө берген сыноосудур? А балким, бизге улуу сүйүү ушундай жол менен келгендир? Улуу бакыт канчалаган оор жоготууларды, азап-тозокторду жеңүүбүздү талап  кылып   жаткандыр?  Демек,  биз күрөшүүбүз керек! Биз күчтүү болушубуз керек! Суранарым, жеңилбе, жаным! Эч качан жеңилбе? Макулбу?!

Дүрайым жигиттин колун өзүнүн курсагына койду. Заматта өңү өзгөрүп, эки бети тамылжып, жылмайды келин. Жигит да эми эле жаш чайыган каректери жууган карагаттай болуп, жалжылдай тиктеген келинге ичи ысый карады:

– Бул эмне? – деди анан алаканынын астындагы бүлкүлдөктөн улам таң калганын жашыра албай.

– Сезип жатасыңбы? – деди ансайын жигиттин колун кое бербей, курсагына бекем баскан Дүрайым.

– Ооба.

Келин кыткылыктап күлдү:

–Коркпо! Бул – сенин балаң.

– Эмне болуп атат?

– Тээп жатат, — бактылуу күлүмсүрөп, күйөөсүн кучактады келин. – Мен кандай бактылуумун…

Унчугушпай калышты.

– Боюнда бар кезде жеңеме дайым суктанчумун, – деди бир убакта акырын улутунган Дүрайым. – Кош бойлуу кезинде ого бетер сулуу болуп кетер эле. Анан да, капилет эле күйөөсүн издеп калчу да, акем жеңемдин курсагына ушинтип алаканын коюп, же кулагын төшөп, тыңшап калчу.

Кээде жеңем: “Кызыке, келсең”, – деп мени да чакырып, алаканымды ичине койчу. Ошондой кездерде менин да жеңе болгум, эне болгум келип, бүткөн боюм балкып кетчү.

– Жаным… Кудайым тилегиңди кабыл кылсын.

– Кабыл кылат. Мен ага ишенем. Анын үстүнө,  өлөрүндө  Күнайым  дагы:  “Сен сөзсүз эне болосуң! Укум-тукумуң өсүп, тээ канчалаган доорлордон кийин урпактарың ушул күндү жомок кылышат”, – деген. Эгерде биз жер үстүнө чыкпай турган болсок, кайдагы урпактар болмок эле, кантип өсүп-өнмөк элек, ыраспы?

– Ооба.

– Бирок… – унчукпай калды келин.

– Бирок эмне?

Келин калган сөзүн ичине жутуп алгандай, кепке какай түштү.

– Бирок… дагы эмне дегенин билбейм.

Коркконум… – үнү дирилдеп, денесин титирек басып кетти. – Каргаган жок бекен деп эле корко берчү болдум.

Көз  алдына  баягы,  оозу-мурдуна, көздөрүнө куюлган кумду чапчыгылап, тура качууга канчалык далбастап, бирок эки колу менен мойну-башынан башкасы жансыз жаткан Күнайымдын өлүм алдындагы элеси келе калды. Так ошондогудай жүрөгү лакылдап, шашкалактап кетти.

Ошондо: “Каргап жибербесин!” – деген ой мээсине “тык!” эте калып, батыраак жаны чыгып кетсин деп кыздын көкүрөгүнө бычак матыра салып, жаны жай алган. Бирок улам убакыт өткөн сайын жарат улам кайра жаңырып, корккону эле ушул:

“Каргышы, дубасы куру кетчү эмес эле, жаны кыйналып жатканда каргыш айтып жетишкен жок болду бекен?..” Ага  чейин  курбусунун  өзү  тууралуу эч качан жаман ойлоп, кара санабаганын билчү. Бул канчалык арамданып, канчалык жек көрүп жатса да кечирим кылып, сабырдуу болчу. Бир чети, атадан жалгыз болгону үчүнбү, ал муну уялашындай жакын көрсө, бир чети түшүнүп, аяп мамиле кылчу. А бирок анын аёо сезими буга жакчу эмес! Ансайын итатайы тутулуп, арданар эле! Ансайын жек көрөр эле!

Балким, ошол ишенген курбусунун өз колунан өлүп баратып да, айкөлдүк кылып аяды бекен? Же жаны ачынган эме өзүнө ээ боло албай, каргап кеттиби?

– Корком! – деген Дүрайым жигитти каруусунан мыкчый кармады.

– Эмнеге? – алда нени ойлонгондой Зумурат ага бүшүркөй карады. – Эмнеге

коркушуң керек? Сен ага эмне жамандык кылдың эле?

Дүрайым башын чайкады:

– Эчтеке…

– Анда эмнеге коркосуң?

– Мен сени канчалык сүйөрүмдү билип… Балким…

–  Жок!  –   чын  дилден,  ишенимдүү айтты  жигит.  –  Күнайым  жаш  бол-со да акылдуу, даанышман кыз болчу.

Сүйүү үчүн ал сага жамандык кааламак эмес.

Оор онтоп алды кыз.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.