Окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин видеосу Бишкекте тартылган эмес (видео)

Социалдык тармакта кеңири жайылган мугалимдин окуучу кызды жаакка чапкан видеосу Бишкекте тартылган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, мындан бир аз мурда социалдык тармактарда окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин видеосу катуу талкууга алынган болчу.

Окуя кайсы жакта болгону так жазылган эмес. Ошентсе да интернет колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мугалимдерди оройлугу үчүн жемелешсе, кээ бирлер окуучулардын маданияты такыр эле төмөндөп кеткенин жазышкан болчу.

Ал эми министрлик борбор калаадагы мектептерде текшерүү иштери жүрүп, натыйжада аталган видео башка жакта тартылганы айтылган. Болжол менен Казакстан же Россия болушу мүмкүндүгү айтылууда.