Эртеңки иштерге бүгүнкү камылга керек

Азыркы  учурда  өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кызуу талкууга алынууда. Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы тоо-кен тармагы боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды өткөн жылдын май  айында  Улуттук  кеңешке жөнөткөнбүз. Кейиштүүсү, биздин сунуштар коомдук талкууга чыгарылган вариантында чагылдырбаган. Ошондуктан биз кошумча катарында декабрь айында кайталап бергенбиз, бирок алиге чейин жооп албадык.

Биздин  сунуштар  4  пункттан  турат. Алар илимпоздор, адистер тарабынан дүйнөлүк практикага, тажрыйбага негизделген. Бул сунуштарды кыскача түшүндүрүп берели.

Биринчиден, тоо-кен тармагында укуктук негиз болуп эсептелген «Жер казынасы жөнүндө» КРнын мыйзамына кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон, коррупцияланган элементтерден тазаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы вариантын иштеп чыгуу – бүгүнкү күндүн талабы. Бул мыйзамды иштеп чыгууда тоо-кен тармагында иштеген адистердин катышуусу зарыл. Анткени, өлкөбүздүн тоо-кен байлыктарын өз кызыкчылыктарында иштетүүнү каалашкан топтор 2000-жылдан бааштап «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишке ашырууга боло турганын изил-деп чыгышкан. 2002-жылдан баштап, бул мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип башташкан. Ар кандай комиссиялар түзүлүп, талкуулар өткөрүлгөн. Негизги максат ал мыйзамды ашыкча либералдаштыруу менен тоо-кен тармагында, баш аламандыкты түзүүнүн негизинде арамза ойлорун ишке ашыруу болгон. Иш жүзүндө алардын (жана чет элдиктердин жана коррупционерлердин) арамза ойлору аткаруу бийликтер тарабынан ишке ашырыла баштаган.

Маселен, 2002-жылдан 2010-жылга чейин жер казынасын иштетүүгө 5 миңден ашык лицен-зия берилип, алардын көпчүлүгү чет элдик биржаларда сатылып жатканы байкалган. 2010-жылкы элдик революциядан кийин, ноябрь айында ошол кездеги Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен мамлекеттик ко-миссия түзүлүп, жыйынтыгы өкмөткө тапшырылган. Сунушта көрсөтүлгөндөй, лицензияны берүүдө баш аламандыктар толук далилденген.

Ошентсе да, 2012-жылы өзгөртүлгөн «Жер казынасы жөнүндө» мыйзам да адистердин сунуштары эске алынбай кабыл алынган. Ал жөнүндө Кыргыз Республиканын президентинин демилгеси менен түзүлгөн «Кыргыз Республиканын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында» так жана даана айтылган. Анда жазылгандай: «…кен казуу чөйрөсүндөгү саясат мамлекеттин таламдарын көздөгөн эмес жана бул чөйрөнү атайылап мамлекеттин контролунан чыгаруу максатында жүргүзүлгөн. Натыйжада, мамлекеттик органдар лицензияларга кызыл кулактык кылууга тыюу салууга, жана жер казынасын пайдаланууга укуктуу лицензияга ээ ишкананын уюштуруучу үлүшүн сатуу жолу менен берүүгө жана келечеги бар кен чыккан жерлерге иштерди жүргүзбөстөн жана инвестияларды тартпастан жылдар бою лицензияны кармап тургандарга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүгү жок болгон».

Жогорку Кеңеш 2016-2017-жылдары атал-ган мыйзамын жаңылап, оңдоп чыгуунун үстүндө иш жүргүзүп, 2017-жылдын декабрь айында үчүнчү окууда кабыл алып, Президентке жөнөттү. Адистердин талдоосунда, бул мыйзам мурдагысынан (2012-жылдагы редакциясынан) начар, буга биз да кошулабыз, анткени адистердин сунуштарын Жогорку Кенеш терең изилдегенге аракет кылган жок, натыйжада, мыйзамда керектүү өзгөртүүлөр болгон жок. Мыйзам чет элдиктердин кызык-чылыгын көздөп калган.

Экинчиден, тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн, татаалдыгын эске алып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, КРнын Конституциясы-нын 12-бер. 5-п. талаптарын ишке ашыруу максатында, бул тармакты бирдиктүү башкаруу структурасын түзүп чыгуу зарыл. Ошондо тармакта капиталдарды жана интеллек-туалдык  күчтөрдү  топтоштуруу  маселеси чечилет. Көп өлкөлөрдө (айрыкча мурдагы социалисттик өлкөлөрдө) кеңири колдону-луп жаткан мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк методун кенен колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы эң татаал маселе болуп эсептелген кен казуу менен геологиялык изилдөөнүн, чалгындоонун ортосундагы карама-каршылыктар жоюлуп, сырьелук ресурстарды камдоо маселеси каналар көзөмөлсүз жана материалдык, интеллектуалдык жардамсыз калды. Мындай акыбалдан  чыгуу  максатында,  адистердин сунушу менен 1992-жылы «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни түзүлгөн. Бул мамлекеттик органга өлкөбүздөгү дүйнөгө белгилүү ири тоо-кен комбинаттары, курулуп жаткан ири ишканаларды өткөзүп берилген. Жетектөөдөгү кетирилген каталыктардын натыйжасында «Кыргызалтын» мамлекет койгон милдетин аткара алган жок. Ишканаларды ирилештирип, бириктирип, адистештирүүнүн, илимди интеграциялоонун ордуна ар кандай интригаларды, негизсиз реформалоонун негизинде өндүрүштү талкалап, ишканаларды банкротко айлантып, кээ бирөөлөрүн жоюлуп кетишине шарт түзгөн. Мунун негизги себептери – кадр тандоодогу каталыктар, концерндин жетекчилеринин тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн түшүнбөгөндүгү жана илимдин жетишкендерин турмушка колдоно албаган сабатсыздыгы болгон.

Үчүнчүдөн,  илим  жана өндүрүштүн интеграциясына кенен жол ачуу, шарт түзүү. Тоо-кен тармагы илимдин жетишкендиктерин колдонуусуз, инженерлик эсептөөлөрсүз алдыга жыла албайт. Эске салып коелук, убагында Кыргыз илимдер академиясы Геология илим изилдөө институтунун базасында түзүлгөн. Кыргыз тоо-кен (азыркы Геомеханика жана кен байлыктарды өздөштүрүү) илим изилдөө институту Союздагы алдыңкы илимий институттардын бири болгон. Өлкөбүздүн экономикасынын, жалпы эле өнөр жайдын өсүшүндө бул институттун өзгөчө орду бар экендигин эч ким тана албайт. Кейиштүүсү, ушундай илимий базаны өндүрүштө пайдалануу кийинки 20 жылда бийлик тарабынан каралган эмес.

Төртүнчүдөн, кадрларды тандоо, даярдоо маселеси айрыкча ордунда турат. Тоо-кен өндүрүшүн башкарууда бул тармактын такшалган адис-профессионалдары иштешет. Биздин өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан баштап, бул принциптен баш тартышкан, эмнегедир чет элдик тоо-кен тармагы боюнча сабатсыз адамдардын башкаруусуна жол берилген. Жыйынтыгында ал тоо-кен тармагына эбегейсиз зыян алып келди.

Адистердин изилдөөсүнө ишенсек, учурда тоо-кен тармагы оор акыбалга туш келди. Тармактын өзгөчөлүгү – үзгүлтүксүз иш алып баруу, ондогон жыл алдыга пландаштырып, сырьелук ресурстарды даярдоо болуп эсептелет. Кийинки 20 жылда бул проблемага көңүл бурулбай, геологиялык чалгындоо иштери менен кен байлыктардын запастары толукталган жок. Изилденип, өздөштүрүүгө даяр болгон кендерди иштетүү өтө начар. Эң жакшы даярдалган «Жерүй» алтын кенин 30 жылдан бери ишке киргизе албадык. Кендерди иштетүүгө берилген лицензиялардын саны миңдеп саналат. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин эң ири алтын кенин – «Кумтөр» алтын комбинаты кыргызстандын экономикасына олуттуу жардам берип, тоо-кен тармагынын флагманы болуп калды, бирок 2012-жылы кетирилген ири каталыктан улам сырьелук базасын түзүүгө жол берилбегендиктен, бул комбинаттын иштөө мөөнөтү аяктоо алдында турат. «Кумтөрдүн» токтоосу экономикалык жана техникалык, экологиялык оор акыбалга алып келиши мүмкүн. Бул маселе Улуттук стратегияда да каралган эмес.

Ошондуктан, мамлекет тарабынан тоо-кен тармагы боюнча терең ойлонуп өзүнчө иш-чаралар планын түзүү, алардын аткары-лышына көңүл бөлүү — бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы. Мындай иштерди түзүп берүүгө өлкөбүздө  улуттук  адистер жетиштүү,  болгону  алардын демилгелеринин бийлик тарабынан колдоо таппагандыгы өкүнүчтүү.

Орозбек ДҮЙШЕЕВ, тоо инженери, эмгектин ардагери, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер