Ошто наристе 5-кабаттан кулап каза болду

Ошто үйдүн 5-кабатындагы терезеден беш жаштагы бала кулап каза болду. Бул тууралуу Ош ИИБнен басма сөз кызматы билдиретмаалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-январда болжол менен саат 15:50 чамасында “Кулатов” кичи районунда жашаган 2013-жылы туулган Ибрагим аттуу бала 5-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап кеткен.

 

Терезеден кулаган бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок бала өзүнө келбей каза болгон. Ибрагим үй-бүлөдө улуусу болчу.

Алдын ала маалыматка караганда, баланын апасы аны сыртынан жаап, кызын бала бакчадан алып келгени кеткен, атасы жумушта болгон.