18-майга карата аба ырайы

18-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөүүдө. 19-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы,  Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл  ойдуңунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Булак: © Кыргызгидромет