Кыргыздар карайлап таба албаган идеология

Кыргызстанда идеология кеңири талкууга алынган темалардын бири болду. А.Акаевдин башкаруу мезгилинде «Айкөл Манас», «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз», «Демократия аралчасы», «Кыргызстан – азиялык Швейцария», «Манастын жети осуяты», «Келечектин хартиясы» сыяктуу идеологиялык программаларды киргизүү аракеттери ийгиликке жеткен эмес. Биз анын себептерин талдап көрөлү.

Эгерде  «Кыргызстан  –  азиялык Швейцария» идеологиялык ураанына кенениреек токтолсок, анда ошол кездеги идеологиялык түзүлүшкө жооптуу болушкан эксперттер эмнени айткылары келгендиги ойго салат. Аталган идеологиянын негизин ушул эки мамлекеттин бир катар окшоштуктарын түзгөн, алар:

– Кыргызстан менен Швейцария керемет тоолуу табиятка ээ болгон салыштырмалуу анча чоң эмес тоолуу өлкөлөрдөн. Швейцария эл аралык тоолуу туризмдик өлкө, ал эми Кыргызстан да ал тармакта чоң потенциалга ээ. Бирок, тилекке каршы, биздин өлкөдө туризмдин  вейцариядагыдай

өнүкпөгөндүгү, албетте, зээнибизди кейитет;

– Швейцария дүйнөлүк «сактык касса», банктардын өлкөсү болуп эсептелет, бул жаатта  Кыргызстан  дагы Борбор Азия үчүн банктык эсеп ачуучу өлкөлөрдөн болуп  калмак.  Бирок  бул  да жүзөгө ашырылбай калган, анткени 90-жылдары Кыргызстанда көптөгөн банктар ачылууга  үлгүрбөстөн  өз ишмердүүлүктөрүн токтотушкан, ал эми борбор азиялык региондун бизнес-коомчулугу өзүлөрүнүн капиталын «азиялык» Швейцарияда сактоо тобокелчилигине барышкан эмес. Жыйынтыгында өлкө бийлигинин бул багыттагы идеологияны ойлоп табуу ара-кети ийгилик менен коштолгон эмес.

90-жылдардын экинчи жарымында «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз», «Таза Кыргызстан», «Манастын 7 осуяты» сыяктуу бир катар идеологиялык ураандар пайда болгондугун жакшы билебиз. Мисалы, А.Акаевдин бийлиги тушунда Манастын 7 осуяты мамлекеттик идеология катары кабыл алынды. Бирок, ал элге сиңген жок. Аны качан элге сиңди деп айтууга болот? Качан гана жарандар осуятта көрсөтүлгөн сөздөргө маани берип, илим-билим аркылуу дилге сиңип, андагы көрсөтүлгөн багыттардын иш жүзүнө ашуусуна адам өз алдынча аракет кылганда гана.

Идеология  коомго  шайкеш  келип, өнүгүүгө жол ачыш керек экендигин баарыбыз эле билебиз. Манастын 7 осуятында көрсөтүлгөн улуттук ар намыс, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу деген сөздөрдөн башкасы жогорку окуу жайларда колдонулган «Мамлекеттин жана укуктун теориясы» деген окуу китебинде ачык-айкын жазылып турат. Ал китепте Манастын 7 осуяты дебестен, мамлекеттин ички жана тышкы функциясы деп жазылган.

Алсак, осуяттардын биринде «Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу» деп жазылган. Эгерде Манас бабабыздын доорунан бери кыргыз эли илим-билимге умтулганда, эчак эле мамлекетибиз гүлдөп, биздин космонавттар да Айга учмак. Андыктан, руханий тарбиялык идеология чындыкты чагылдырган идеология болууга тийиш. Ошондой эле тарых далилдеп көрсөткөндөй, коомго терс таасирин тийгизүүчү диктатордук, фашисттик, коммунисттик сыяктуу идеологиялардын кыйрагандыгы баарыбызга маалым. Ошондуктан, кандай коом болбосун, чыныгы адамдык баалуулуктарды сактаган, бурмаланбаган идеология гана сакталып, уланып келе жатат. «Манас» эпосу албетте, кыргыз элинин сыймыгы, тарыхы, энциклопедиясы катары өзүнчө тарбиялык багыттагы идеология болууга тийиш. Руханий тарбиялык идеология бир-эки жылда эле элге сиңе койбойт. Аны сиңдирүү үчүн мамлекет атайын программа кабыл алып, аны иш жүзүнө ашырууну көзөмөлгө алганда гана идеология ондогон жылдарда элге сиңери талашсыз. Андыктан, азыркы ааламдашуу заманында мамлекеттин толук кандуу өнүгүүсүнө Манастын осуяттары жетишсиз. Себеби, мамлекеттин өнүгүүсүнө бардык тармактарды камтыган көп кырдуу идеология керек. Ансыз кыргыз мамлекети билимсиздиктен эгемендүүлүгүн жоготуп, чет өлкөлөргө көз каранды болуп элибиз маданияттуу кулга айланаары талашсыз.

Андай кийинки Кыргызстан калкынын Демократиялык кодекси (Коомдук Келишим) Кыргыз Республикасындагы демократиялык жарандык мамлекетти куруу жагынан А.Акаевдин концептуалдык багыттарына таянуу менен түзүлгөндүгү маалым. Мындай идеяны ал Кыргызстандын парламентинде Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында жарыя кылган. Анда жарандардын таламдары, алардын укуктары жана эркиндиктери негиздүү болуп саналат деп айтылган. «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» деген концепция ошол кезде реалдуулукка ээ болуп, «Кыргызстан – адам укуктарынын өлкөсү» деген улуттук идеяны өнүктүрүү үчүн Конституциянын жаңы редакциясында Кыргызстандын бирдиктүү калкы жөнүндө жобо бекитилген. “Адамдын, жаратуучу жарандын укуктарын артыкчылык кылуу менен жарандык коомду курууну андан ары тездетүүгө жана ыңгайлаштырууга, инсандын, үй-бүлөнүн адеп-ахлактык табиятын жана жарандык институттарды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу структураларын өнүктүрүүгө жетишүү маанилүү. Демек, жарандык жана коомдук уюмдардын ролун жогорулатуу кажет” деп айтылган. Жаңы  стимулдар  жөнүндө,  башкача айтканда, калктын өзүнүн жана калк колдогон өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын жигердүүлүгүн жогорулатуу жолу менен чыныгы демократиялык коомду куруу жөнүндө демилгелүү камкордук керек. Ушундай уюмдардын бири болуп Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши (ОСДБ) саналаары, ал Президент-тин тиешелүү жарлыктарында каралган укуктарга ээ экендиги көрсөтүлгөн.

Жогорудагыны улай эле Кыргызстандын «Келечектин хартиясы» деген аталыштагы Кыргызстандын идеологиялык программасы жарыяланган. Ага ылайык жаңы XXI кылымга кадам таштап, биз үчүн жаңы болгон социалдык жана эко-номикалык карым-катнаштар дүйнөсүнө кирүү менен эгемендүү өнүгүүнүн алгачкы жылдарындагы тажрыйбага таянуу менен кыргызстандыктар идеологиялык тартиптеги олуттуу милдеттерди аныктап алуулары зарыл экендиги айтылган. “Улуттук көз карандысыздык — биздин жогорку тагдырыбыз – ал бизди түпкү тамырыбыздан бери өзгөрттү жана өткөн жылдардын бирден-бир башкы жыйынтыктары – бул биздин элдин жаңы, прогрессивдүү, күчтүү иштиктүү жана ишкердик рухубузду өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү. Аталган  жылдары  алыскы  жана  кийинки өткөндүн өзгөчө мурасы менен байланышкан биздин болмуштун олуттуу нега-тивин ачып бере алды. Мурас – бул адат-тар, иллюзиялар, стереотиптер түрүндө бүгүнкү күндөрү да өз күчүн жоготпой өлкөнү артка тартып, идеологиялык жа-на социалдык-психологиялык тартиптеги ири көйгөйлөрдү жаратты. Бирок жашоо-турмуш бизден көптөгөн эски көз караштарды, өзүнө жана курчап турган чөйрөнү мамлекеттик эле эмес, жекелик деңгээлде да алмаштырууну талап кылууда. Ар бир жаран өз жеке тагдырынын, өнүккөн де-мократиялык Кыргызстандын куруучусу болуусу абзел. Бизге жаңы идеологиялык өздүк аң-сезим жана аң-сезимдүү экономикалык философия керек” деп айтылган. Бирок, аталган идеологиялык программа да өз түшүмүн бере алган жок.

Курманбек Бакиев мезгилинде идеология маселесин ошол кездеги мамлекеттик катчы А.Мадумаров да көтөрүп, Кыргызстанга улуттук идея керек деп жарыя кылган. К.Бакиев жалпы жарандык баш кошууга, коомдун адеп-ахлактын жана социалдык маданий өнүгүүсүнө көмөктөшө турган идеология керек экендиги жөнүндө 2005-жылдын 30-декабрында буйрук чыгарып, анын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик (улуттук) идеологиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топтун төрагасы А.Мадумаров, анын орун басарлары Президенттин админстрациясынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Укулов, маданият министри С.Раев болуу менен курамына бир катар окумуштуулар кирген. Тилекке каршы, алар учурдун талабына ылайык, мамлекеттин өнүгүүсүнө шайкеш келген идеологияны таба алышкан жок. Ошол учурда коомчулук тарабынан ал жазылган идеология коомдун өнүгүүсүнө жараксыз экендиги жөнүндө сын-пикирлер айтылып, сунуштар жазылган. Ал сунуштарда жаңы коомдо демократиялык жол менен элдик бийлик өкүм сүрүп, бийлик тарабынан эгемендүүлүккө доо кетирбестиги белгиленип, Кыргызстандын кызыкчылыгын алдына коюш керек экендиги белгиленген болчу. Андай идеологиялык сунуштар коррупцияланган өкмөт менен Президенттин жеке кызыкчылыгына каршы келгендиктен идеологияны аягына чыгарбай токтотуп коюшкан.

Өзүнүн  теңирчилиги  менен  таанымал  Д.Сарыгулов  да  кыргыз  коомуна «теңирчилик» (теңирчилик – негизинде Көк-Теңир культу жаткан көчмөн евразиялык талаанын көчмөндөрүнүн исламга чейинки дини) идеясын алып чыккан. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин саясий элита «Манас» эпосунун нравалык баалуулуктарын пропагандалоону кайра жандандырууну чечкен. Кээ бир жарандардын пикиринде бул идеология да ылайык келген эмес, анткени бир эле эпос Кыргызстандын элин түзүүчү бардык этностордун идеологиялык кызыкчылыктарын камсыз кыла албайт. Ал эми идеология бардык улуттар жана ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү үчүн жалпы болушу керек, ошондо гана ал ийгиликтүү болот. Чындыгында эле “Манас” мамлекеттик идеологияны курууда негиз болуп бере албасы айдан ачык. Анын бир катар себептерин айтып кетсек болот: биринчиден, кыргыздардын басымдуу бөлүгү мусулмандар, ал эми мусулмандарда өзүнүн идеологиясы бар, экинчиден, Кыргызстанда ар кыл улуттардын жана диндердин  өкүлдөрү  жашашат, алсак, Орус православдык чиркөөсү “Манастын” идеологиясын кабыл албайт.

Демек, биздин өлкөгө улуттук эмес, мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуу зарыл. Бизде уруулук шайкештик, байлар менен кедейлердин ортосундагы чоң социалдык ажырым абдан таасын көрүнүп тургандыгын, калктын ар кыл катмарларынын идеялык позициялары ар башка экендигин эске алуу менен улуттук идеология туурасында кеп кылуу максатка ылайыктуу эмес. Расмий деңгээлде, массалык маалымат каражаттарында жана билим берүү чөйрөсүндө окумуштуулардын, саясий жана коомдук ишмерлердин катышуусунда активдүү пропаганда жүргүзүлгөндүгүнө карабастан алар өзүлөрү идеология кандай болуусу керек экендиги туурасында таасын түшүнүкө ээ эместей сезим калтырат. Ошондой болсо дагы анын калыптануу зарылчылыгы эч кандай күмөн туудурбайт, анткени ал социумдун өнүгүүсүндө кыйла олуттуу ролду ойноп, жеке индивиддердин эле эмес, жалпы коомдун дагы дүйнө түшүнүмүн өркүндөтөт. Азыркы заманбап дүйнөдө бир улуттуу курамдагы өлкөнү табуу кыйын, алардын басымдуу бөлүгү көп этностуу келишет. Бардык эле көп улуттуу өлкөдө мамлекеттик идеология бириктирүүчү фактор катары элдердин достугу жана теңдиги, этностор аралык бирдиктүү иш-аракеттерди бекемдөө, өлкө ичиндеги түрдүү улуттук баалуулуктарды сактоо, анын чегинен тышкаркы эки жактуу пайдалуу соода, маданий жана экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү идеясын алдыга жылдыруу зарыл.

Тилекке каршы, азыр мамлекетибиз-дин өзөктүү идеологиясын толук аныктай албай жатабыз. Баарыбызга маалым бол-гондой, ар бир мамлекеттин өзүнө таандык анын кызыкчылыгын коргогон жазылган же жазылбаган туруктуу идеологиясы болот эмеспи. Андыктан, идеологиянын мааниси түшүнүктүү болуусу үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрмө берсек, анда идеология — бул мамлекеттин көздөгөн туура өнүгүү багыты жана анын ийгиликке жетүүдөгү эрежеси.  Салыштырмалуу  айтканда, айдоочулардын жол эрежесине окшошуп кетет. Ошол жол эрежени автоунаанын айдоочусу бузганда бир кырсыкка учурагандай эле, мамлекет өнүгүү багытындагы эрежесин сактабаса, туңгуюкка кабылып калары талашсыз. Өлкөбүздө ошол эреже сакталбагандыктан, эки жолу революция-лык жол менен бийлик алмашты. Кээ  бир  саясатчылар  мамлекеттик идео логияны китеп кылып чыгарбай эле, аны иш жүзүндө аткарса болот деп эсептешет. Андай түшүнүк биздин пикирибизде, туура эмес. Өлкөбүздө мамлекеттик идеологиянын калыптанып жазылуусун турмуш далилдеп көрсөттү. Эгерде мамлекеттик

идеология кабыл алынып калса, кимдер бийликке келбесин, ошол туура жол менен мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт. Идеологияда көрсөтүлгөн багыттарды бийлик жетекчилери эле эмес, жалпы эл да билсе, келечек-ке ишеними күчөп, коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлмөк. Азыр мамлекеттик идеология коомдун өнүгүүсүнө абадай керек болуп турат.

Акак ЖАРКЫМБАЕВА, КР УИАсынын, Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери