«Кыргыз Туусунун» демилгеси колдоого алына баштады

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Гезитибизде “Таласка троллейбус керекпи?” деген макала жарык көргөн. Ал макалада өткөн жылы шаардык транспорттогу көйгөйлөр чагылдырылган.

Таксилер автобекеттен базар тарапка дурус катташат. Таң эртеден кечки саат 5ке чейин 10 сом, андан кийин 20 сомго көтөрүлөт. Бирок шаардын чыгыш жана түндүк тараптарына таксилердин каттамы аз. Ал эми маршруттук таксилер 40 мүнөт аралыкта араң бир каттам жасашат. Демек, тоо башындагы Нарын шаарындагыдай эле троллейбус жүргүзүү зарыл. Күйүүчү май сарпталбайт, жол кире акысы болгону 5 сом.

2007-2010-жылдарда  Талас  облусуна  губернатор  болуп  иштеп  турганда  Бейшенбек  Болотбеков  аны  жүзөгө ашыруу үчүн эң оболу троллейбус жүргүзө турган негизги көчөлөрүн оңдоп, түзөө керектигин, эми троллейбус алып келип, калган ишти бүтүрүү анчалык деле кыйын эместигин айткан.

Азыркы учурда шаардын Ч.Айтматов көчөсү толук асфальтталып, жазында эки тарабы толук жарыктандырылат. 6 жерге светофор орнотулду. Ал эми Бердике Баатыр көчөсү автобекеттен тартып, Үмөт Молдо көчөсүнө чейин жаңыртылып, асфальтталды. Болгону Киров көчөсүнө чейинки аралыкты гана асфальттоо керек. Азыркы учурда өнүктүрүү фондунан Талас шаарына мерчемделген 45 млн. сом каражат турат.

Демек,  троллейбус  линиясын  куруп,  2-3  унаа  сатып  алууга  шарт  бар.  Жакында республиканын  Ардактуу  инсандар  коомунун  Талас  облусундагы  бөлүмүнүн активист  мүчөлөрү  Өкмөттүн  Талас  облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кабыл алуусун-да болгон учурда, сөз арасында Талас шаарына троллейбус жүргүзүү идеясы эң туура экендигин айтып, башкалар да колдошту.

М.Мураталиев газетага жарыяланган демилгелүү материал менен тааныш экендигин, экс-губернатор Б.Болотбеков жакында Таласка келерин, Талас шаарына троллейбус линиясын куруу боюнча маселе боюнча сүйлөшүү жүрөөрүн айтып, коомдун активисттерине ыраазылык билдирди. Ал троллейбусту Болгариядан алдыруу боюнча да сөз болгонун кошумчалады.

Демек жергиликтүү чиновниктер кылчактабай бул маселеге батыл киришсе жылыш болот.