31-сентябрь качан келет?

Кээде турмушта атайылап жасалбаган, байкабастан же көңүл коштуктан кетип калчу алешемдиктер баарыбызга эле таандык эмеспи. Мындай жоруктардан өз ишинде тактыкты, калыстыкты, көрөгөчтүктү, адилеттикти туу туткан судьялар деле четте калбаган учурлар кездешип калат. Бирок жөнөкөй карапайым жаран кетирген кемчилик көрүнүп да, көрүнбөй да өтүп кетсе, ал эми судьялардан кеткен мындай көрүнүштөр кагаз бетинде сакталып калганы менен өзгөчө.

Ошентип турмушта чанда кезикчү, бирок күлкү келерлик, айрым судьялар тарабынан кабыл алынган чечимдер тууралуу окурмандар да окуп, мыйыгынан  жылмайып  койсун  деген  гана максатта гезит бетине жарыялап коёлу деп чечтик.

Анда эмесе, урматтуу окурман алардын айрымдары менен сиз да таанышып коюңуз. Балким сизге да ушундай кызыгарлык учурлар кезиккен болсо биз менен бөлүшүп коёрсуз.

Окуя мындан төрт жыл мурда болгон. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы алдамчылык беренеси менен Бакыт Д. аттуу жарандын баш коргоо чарасын карап, аны 2013-жылдын 31-сентябрына чейин камакка алуу тууралуу токтом токуптур. Ага макул болбостон жактоочу тарабынан Бишкек шаардык сотуна даттануу жазылып, Бакыттын баш коргоо чарасын камакка байланышпаган башка түрүнө которууну суранат. Ал турсун 31-сентябрдын келерин канча күтөбүз деген да суроо коюлат.

Кызыгы  шаардык  сотто  болду. 2013-жылдын 28-августунда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы даттанууну карап, Биринчи май райондук сотунун 2013-жыл-дын 14-августундагы токтомун күчүндө калтырып койду. Ал турсун, үч судьядан турган коллегия мүчөлөрү жактоочунун “жок дегенде 31-сентябрь деген жерин оңдоп бергиле” деген өтүнүчүнө да кулак салышкан жок.

Ошентип, айыпкер жигит 31-сентябрга чейин чексиз мөөнөткө камалып кала берди. Албетте, 31-сентябрды күтүп отурмак беле, эмдигиче ал деле эркиндикке чыкты дечи. Маселе башкада болуп жатпайбы. Ушинтип айрым судьялар соктура берсе, айла жок жакаңды кармап кала берет экенсиң. Ишенген кожоң эмне болсо, биз да ошобузбу деп…