Венера МАМАТАЛИЕВА, үч баланын энеси: «Балдарым менсиз калса, кандай күн көрөт, деп сайсөөгүм сыздайт»

Ооруп жатып оюма келген саптар…  Күлгүндөй  жап-жаш чагымда, турмуштун канчалаган кыйынчылыктарын жеңип өттүк деп, эми гана бактылуу болуп турган маалыбызда, жандай көргөн жакын адамыма арнап арзуу ырын, боор этим менен тең балдарыма алдей ырын жаза турган чагымда минтип, онтоткон ооруга чалдыгып, армандуу ыр жазып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес, аттиң!

Мен 1990-жылы Россияда туулуп, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында чоңойгом. Бала кезимден эле ыр жазуу менен алектенип, кандайдыр бир чыгарма жаратып алсам өзүмдү аябай бактылуу сезип калчумун.

Мектепти аяктаган соң, университеттин филология факультетине тапшырып, экинчи курста окуп жатканда турмушка чыктым. Анткен менен жолдошум экөөбүздүн жолубуз катаал болду. Биздин баш кошуубузга эки тарап тең каршы болду, бирок биз өмүр бою бирге болобуз деген ак тилек менен, Ноокаттан Бишкекке качтык. Бирок  башыбыздан  не  деген кыйынчылыктар өттү. Кийинчерек  гана  ата-энелерибиз  биздин ыгыбызга көнүп, баарына кайыл болушту. Эл катары той бердик. Бир кыздуу, эки уулдуу болдук. Ошентип, биз эми гана бакыттын даамын сезип, бала-бакырабыз менен бапырап жашай баштаганда, кайрадан бизди кайгы тороду.

Турмуштун, көр тирликтин катаал  сыноолорунан  да  кыйын  – оору деген сыноого туш болуп, эми ошону менен алышып, бирибиздин жашыбызды бирибиз арчып, канчалык күрөшкөн сайын дарт да өчөшүп, алыбыз келбей, башкалардын да жардамына муктаж болуп турабыз. Учурда абалым өтө начар. Боорумдан кармаган илдет жүрөккө чаап кеткен. Бир туугандан айланса болот, сиңдим Чынара боорума донор болгону турат. Ал  эми  жүрөккө  операция жасатуу бизди оор акыбалга дуушар кылууда.

Жардам  сурап, жолдошумдун барбаган жери калбады. Өзү машина ондойт. Тапкан акчасы күнүмдүк жашообуз менен менин дары-дармегиме да жетпей калат. Бир айда ичкен дарым 20 миң сомго барат. Операция жасатуу менен жанды жеген бул оору, бул азаптан кутулабызбы деп үмүт кылабыз. А бирок операция Индияда 80 миң долларга жасалат экен! Бизде болсо анын жарымы да жок.

Кудай ишин ондосун, ажобуз Сооронбай Жээнбеков жардам катары жүз миң сом берген. Ал каражат болгону документиме жана дарыма жетип берди. Жашоо деген кызык, жан деген таттуу болот экен, ден соолук таза кезде анын кадырын билбейт экенбиз. Эне деген баарынан биринчи балдарды ойлойт экен. Чиедей жаш балдарымды аяйм. “Энесиз калса, көргөн күнү эмне болор экен?” – деп сай-сөөгүм сыздайт. Мени ойлой берип апам да жүрөк дартына чалдыкканы жанымды ого бетер сыздатат. “Дүйнөдө ооруп жаткан мен эле болсом да эмне болуптур, өзүңүздү кармаңыз. Же менден башка балдарыңыз жокпу? Ошолорду ойлобойсузбу!” – деп соороткон болом.

Мен да эне болуп, ушул балдарымды  өз  колум  менен  тарбиялап өстүргүм келет. Үйлөнтүп-жайланткым келет. Жолдошума ыраазымын. Колунан келишинче чуркап жүрөт. “Жөлөгүм менин, таянарым, Кудайым өзү жөнөткөн сүйүүм. Мен сени тандоодон жаңылган эмес экемин”, – деп ыраазы болуп келем. Башка адам болсо, мынчалык боор толгоп, күйөт беле?! Ушул кыйынчылыктардын баарын жеңип алсак, кадырына жетем деп, биз сөзсүз бактылуу болобуз деп үмүт кылам, ишенем. Кайната кайыненем да керемет адамдар. Аларга да рахмат.

Ар бир адамды Кудай колдосун. Мындай ооруну, мындай азапты, сыноону Кудайым эч кимге бербесин. Мага окшоп эч ким оорубасын. Учурда  кайрымдуулук  концертин уюштуруп, Кудайдан болуп каражат чогулуп калар деген үмүттөбүз. Эң негизгиси, элибиздин колдоосуна муктажбыз. Колдоо кылып, концертке келип, билетибизди алып берсеңиз деп суранам. Буйрук экен, тагдыр экен, андан ары ман-дайга жазылганын көрөбүз.

P.S. “Көп түкүрсө – көл болот” эмеспи, Венеранын жана анын үй-бүлөсүнө кайдыгер ка-рабай, жардам берүүнү каалаган  болсоңуздар,  жогорудагы телефон аркылуу байланышып жана жазылган эсепке кошумча кошсоңуздар болот.