Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Жетиген” журналынын баш редакторунун орун басары: «Мен жумшактын катуусун жакшы көрөм…»

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык лауреаты, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалынын ээси Бактыгүл Чотурова ондон ашык поэтикалык китептердин автору. Драматург катары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Тумар ханыша (Томирис)” драмасы ийгиликтүү коюлду. Учурда дүйнөлүк адабияттын шедеврлеринин бири байыркы Индия акыны Махараши Вальмикинин “Рамаяна” аттуу эпикалык поэмасынын негизинде жазылган драмасы даярдалууда. Б.Чотурова “Кыргыз Туусу” гезитинде жыйырма жылга жакын убакыт эмгектенип кеткен. Бул сапар кесиптешибизди “Күүгүмдөгү коңгуроого” чакырдык.

– Алло, саламатсызбы, Бактыгүл эже, сиз бизде иштеп жүргөн жылдарда “Күүгүмдөгү коңгуроо” деген рубриканы алып чыкчу элеңиз, эми коңгуроого өзүңүздү чакырып турабыз?

– Ай-иий, канча жаз, канча кыш өттү. Ал  рубриканы  чынында  негиздеп  кеткен белгилүү журналист агабыз Төлөн Насир-динов болчу, мен анын учугун улап кеткеним эсимде. Ага кимдер гана чыкпады. Советбек Жумадылов, Күлүйпа Кондучалова, Сабира Күмүшалиева, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Тургунбай Садыков, Бексултан Жакиев, Мамбет Мамакеев, Төлөмүш Океев, Мирсаид Миррахимов, Эрнест Акрамов ж.б. канчалаган тарыхий инсандар аңгеме-дүкөн курушту эле. Жакындан бери муну мен биздин “Жетиген” журналында да улантып келем.

– Эми, бүгүн кечки убак сиз эмне менен убара болуп жатканыңызды билгибиз келет?

– Кичине ден соолук болбой, ооруканадан жаңы чыккам, кыйшайып китеп окуп жаттым эле.

– Кандай китеп?

– Казак акыны Шахизада Абдукаримовдун жаңы ырларын. Бул досубуз жакында эле акын Карбалас Бакиров экөөбүздү Кызыл-Ордого поэзия күнүнө чакырып, төрт күнгө барып келдик, ошондон ала келген китептерди окуп жатам.

– Кандай акын экен?

– Мен Шахизаданын ырларын сүйөм, “Көк астындагы каганат” деген ырлар жыйнагын кыргызчага которгом, мыкты акын, от жүрөк, шамалдай куюлуп турат.

– Аларда поэзияга кандай карашат экен?

– Бизге салыштырмалуу эң жакшы карашат. Акими Крымбек Кушербаев акын-дарын сыйлайт экен. Бардык шартын түзүп, китеп чыгарууга, поэзия кечесин жыл сайын өткөрүүгө атайын каражат карап, эл аралык деңгээлде өткөрүүнү максат кылыптыр. Кече башталгандан аягына чейин өзү катышты.

– Бизде да ошондой болуп калгысы бардыр, жаңы чыгармаларды жазып жатасызбы?

– Албетте, чыгармачыл адамга шылтоо болбош керек. Ошон үчүн жазмайынча жашай албайт болушум керек.

– Жаңы ырларыңыздан бир шиңгил таштап койбойсузбу?

– Макул. “Музасың дейсиң неге?” деген ыр:

Сен музасың дейсиң неге картайтпай,
Балким мунуң жакшы көрүп
жан тартмай…
Евтерпанын «Е» тамгасы болалбай
калганымда анча айтпай?..

Сен музасың дейсиң неге эзилип,
Жүк арткандай жүрөгүмө сөз илип
Эратонун «Э» тамгасы боло албай
калганымда кечигип…

Сен музасың дейсиң неге… көрүшүп…
Турган сымал кеч күздөгү жер үшүп…
Аполлондун «А» тамгасы болалбай
калганымда кейитип…

Унчукпадым, сезимге ичтен тынгандай,
Сен байыркы грекке окшоп… бул кандай?
Кылымдардан музалардын мурунку
пирин көрүп тургандай!

– Гректер демекчи, сиздин перс падышасы Кирдин башын алган Томирис падыша тууралуу драмаңыз улуттук театрга чоң аброй алып келип, АРТ-ОРДО эл аралык театр фествалында Гран-прини утуп алды эле, буга шыктанып дагы драма жанрына кайрылып жатасызбы?

– Шыктануудай болобу, эгерде өзүң айткандай  шыктантчу  ийгилик,  жакшылыктар болуп турса. Жакында улуттук театрда «Рамаяна» драмам даярдалып жатат, Индия элчилигинин колдоосу менен. Анан кадимки Сервантестин чыгармасынын негизинде «Дон-Кихот» комедиясын жаздым эле, көркөм кеңештен өттү, ал дагы ушул жылдын планына кирген. Кандай чыкканын, учур көрсөтөр.

– Жакында сизди кино тармагына да катышып жатканыңызды уктук, ошого сөз тизгинин бурсак?

– Бир аз жыл мурун «Арзы» аттуу киного ыр жаздырышкан, музыкасын композитор Муратбек Бегалиев жазган, аны Шерхан аттуу ырчы жигит аткарып жүрөт. Эми жаш режиссер Айбек Дайырбеков менен Садык Шернияздын «Дарак ыры» аттуу мюзикл жанрындагы кино-дастанынын ырларын мага жаздырышкан. Музыкасын композитор Жолдошбек Апасов жазды. Бул мюзикл кыргыз киносунда, жалпы эле Борбор Азияда биринчи жолу тартылып жаткан жаңылык болот го. Азыр Москвадан үнү жазылып жатат. Персонаждар өтө көп, миңден ашык адам катышкан. Башкы ролдордо Өмүрбек Израилов, Темирлан Сманбеков, Жылдызбек Касеинов, Салтанат Бакаева, Илимбек Калмуратов ойношот. 1-мартта премьерасы болот. Ошондон тартып бардык кинотеатрларда чыга баштайт.

– Сиз жогоруда казак акындарын которгонуңузду айттыңыз, башка элдердин да акындарынан котордуңузбу, дегеле котормо иши тууралуу оюңузду айтасаңыз?

– Котормо чыгармачыл адамдар үчүн гүлазык  сыяктуу  нерсе.  Союз  урагандан кийин бизде котормо жанры тыныгууда. Башкалардын адабиятын окуу, же биздин эмгектерибизди башкалар окуганы кандай жакшы. Таасирленүү, шыктануу, изденүү деген өзүнчө бир керемет нерсе. Ошентсе да котормонун арабасы кылдырап жүрүп келет. Өзүм тууралуу сурооңо айсам, жогоруда айткандай казак поэзиясынан Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов баштаган бир нече акындарын, улуу акындар Рудаки менен Хафиздин, Индиянын байыркы акындары Ригведа менен Атхарваведанын, Түрк поэзиясынан Назым Хикмет, Джахит Кюлеби, Умит Яшар Агузджан, Ибрахим Перзи уулу, Хаккы Шенер, дунган поэзиясынан Долгун Ясин, тажиктерден Гүлрухсор Сафиева, орус поэзиясынан Есениндин ырларын, азербайжан акыны Бахтияр Вагабзаденин «Биз бир кемедебиз“ атуу ырлар поэмалар жыйнагын кыргызчага которгом. Аларды жыйнаса өзүнчө эле чоң эки, үч томдук болот. Бирок кеп сапатында го, ал өз учуру келгенде баасын алаар.

–  Акындыктан  драма  жанрына өткөнүңүз күтүүсүз болдубу?

– Бир жагынан алып караганда күтүүсүз, Темирлан Сманбеков инимдин таасири болуп калды. Экинчи жагынан алып караганда мен бала чактан театрды сүйчүмүн, улуттук театрда коюлган ар бир спектаклди көрүп келдим, бир нече ирет көрсөм да келе берчүмүн; демек, бир даярдыктан өтүп келдим деп эсептейм; залкарларды көрүп калдым, азыр аларга салыштырып жаш артисттердин өскөнүн көрүп кубанам.

– Драма жанрында да котормого кайрылдыңызбы?

– Дал келген суроону бердиң. Шекспирдин «Макбет» трагедиясын котордум. Улуттук академиялык драма театры муну англичандар менен коебуз деп жатат. Ролдор бөлүнгөн. Касстинг өткөн. Англиялык режиссер келгиче даярдап, артисттер ролдорун сиңирип, даяр турушат. Анан спектаклди Лондонго алып барып коюшат.

– Качанкыга болжолдонууда?

–  Бул  долбоордун  жетекчиси  Султан Раев, буга чейин Ош театрында Шекспирдин “Ричард – lll» спектаклин коюп, алар ноябрда Лондонго барып келишти. Эми “Макбетти” даярдашып, учурда иш-чаралар жүрүүдө. Премьера 30-апрелге болжолдонулган. Лондонго май айында барышы мүмкүн. Шекспир, Бернард Шоу, Оскар Уайльд жүргөн жерлерди көрүүнүн өзү эле чыгармачыл топко кандай чоң таасир бермекчи.

– Музыкадан да таасир аласызбы, эже?

– Сөзсүз да, музыканы жакшы көрөм, айрыкча классиканы, анан комуздун үнүн, комуз чертип жаткан колду өпкүм келет!

– Жаратылыштычы?

– Жаратылыш менен досмун, жыландын баласын өлтүргөнү жаткан балдардан алып, чөпкө сойлотуп жибергем бир ирет; жамгыр, кар жааган учур мени өтө купуя кубандырат…

– Жаныбарлардан жакшы көргөнүңүз?

– Карышкыр.

– Эмнеге жырткыч жаныбарды айттыңыз?

– Ал эч качан багынбайт, эч кимге сатылбайт.

– Анда сиз өтө катаал мүнөздү жакшы көрөсүзбү?

– Мен жумшактын катуусун жакшы көрөм.

– Жумшактын да катуусу болобу?

– Мисалы суу, жумшактан да өтүп кармалбайт, бирок сууну бир орунга бууп толтура берсең акыры бир жеринен тешип чыгат, анын катуусу ошондо.