Ормон хан… Орозо… окуу жылы…10-сентябрь… 5 күндүк окуу күнү…

Өлкөнүн  жалпы билим берүү мекемелерине 5 күндүк окуу тартибин киргизүү жана жаңы окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Биз да бул суроолордун айланасында Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер баарлашып көрдүк. Пикирлер бир өңчөй чыккан жок.

Орозону жайдан кышка которгон Ормон хан… Же эл эмне дейт?

Илгери  Ормон  ханга ага караган айылдардын эли: “Баатыр, орозону жайдын ысыгында, күндүн узунунда кармап, кыйналып кеттик. Адам баласы болгон соң, суусайт экенсиң. Ырай-ым кылып, орозону кыш айына  которуп  бербейсизби”  деп  арызданып келишкен экен. Хан Ормон өкүмзордугуна салып, орозону жай айынан кышка которуп бериптир.

Бизге бул окуяны айтып берген ата-энелердин бири: “Эми азыркынын ормондору жаңы окуу жылын 1-сентябрдан 10-сен-тябрга которгусу келсе, эл эмне дей алмак эле. Качан эле эл бир нерсе чеччү эле” деп ийинин куушуруп, шуу үшкүрүп койду.

Эмкинин ормондору…

Жаңы  окуу  жылынын  башталышын  1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясы тарабынан демилгеленген. Демилге алгач көтөрүлгөндө: “Кыргызстандын экономикалык жана социалдык шартын, климаттык жана жашоо өзгөчөлүгүн эске алсак, жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоого толук мүмкүнчүлүк бар” дешкен демилгечилер кийин “туризмдин өнүгүшү, туристтерди тейлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана балдардын эс алуусуна кенен шарт түзүү үчүн оң натыйжа бериши мүмкүн” деген “толуктоо” киргизишти.

Туура, бул демилге дароо эле колдоого алынган жок. Өз убагында, Билим берүү жана илим министрлиги: “Жаңы окуу жылы майрам же эс алуу күнүнө туура келип калган учурда гана жылдырылат. Биз жылдыруу тууралуу маселени карабайбыз, анткени бизге эч кандай маалымат же тиешелүү кат келген жок”,– деп билдирген эле.

А учурда министрлик окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу маселеси боюнча «Эл-Пикир» коомдук пикирди изилдөө жана божомолдоо борбору аркылуу ата-энелер, мугалимдер, эксперттик коомчулук жана окуучулар арасында социалдык сурамжылоо жүргүзүүдө. Демек, министрлик менен депутаттар биригип, бир чечимге келишкен сыяктуу.

Окуу жылын 10-сентябрга которуу керекпи?

Эми  негизги  суроого  келели. Биз  менен  аңгемелешкен  ата-энелердин пикири боюнча, бул демилге ынанымдуу эмес. Ата-энелер туризмдин өнүгүшү, туристтерди тейлөөнүн мөөнөтүн узартуу менен жаңы окуу жылынын, дегеле билим берүүнүн эч кандай байланышы жок, туристтерди окуучулар тейлебейт дешет.

Биз да ата-энелердин айткандарына кошулар элек, туристтерди тейлөө менен окуучулардын ортосунда эмне байланыш бар? Же  демилгечилердин  “Кыргызстандын экономикалык жана социалдык шартын, климаттык жана жашоо өзгөчөлүгүн эске алуу керек” деген аргументин алалы. Эмне, жаңы окуу жылы 15-сентябрдан башталса эле, өлкөнүн экономикасы өсүп кетеби, социалдык абалы жакшырып калабы? “Климаттык жана жашоо өзгөчөлүгү” деген аргументке келсек, биз менен климаты окшош Тажикстандын министрлиги окуу жылын 1-сентябрдан 1-августка жылдырууну сунуштады. Көрсө, бул демилге кошуна өлкөнүн министрлигинин алдындагы Билим берүүнү өнүктүрүү институтуна таандык экен. Тажикстандык билим берүү адистери жаңы окуу жылын 1-августта баштаган эң ыңгайлуу, бул маалда бала дагы жакшы окуп, ийгилик-терди жаратат, окуу жылын жылдыруу – бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖдорго сынак тапшырууга даярдануусуна да ыңгайлуу деген аргументти айтуу менен, айылдагы балдар июнь жана июль айларында ата-энесине жардам берип талааларда иштеп, өз учурунда сынакка даярдана албай калышарын дагы эске алышыптыр.

Ии, баса…

Айтпайлы  дедик  эле,  айтышка туура келип турат, айрым депутаттардын пикири боюнча, 31-август – эгемендүүлүк күнү менен жаңы окуу жылынын башталышы – 1-сентябрдын атар келиши бири-бирине жолтоо болот экен. Аргумент болбосоң кое кал, мындайда сөз да кыска…

5 күндүк окуу күнү…

Жогорку Кеңеште «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына ай-рым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам  долбоору  каралып  жатат.  5 күндүк окуу күнүн киргизүү максаты – билим берүү күндөрүн кайрадан ыраатташтырууга багытталган. Демилгечилер 6 күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгенин, алар ар кандай секциялар менен ийримдер сындуу өздөрү кы-зыккан жана пайдалуу нерселерге катыша албасын, мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экенин, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгенин айтуу менен, 5 күндүк окуу күнү киргизүү менен мектептерде билим берүүнүн сапаты артат деген пикирде.

Ырас, 5 күндүк окуу дүйнөлүк тажрыйбада бар. Кошуналарды алсак, Казакстан 5 күндүк окууга өткөн.

А мектептер ага даярбы?

Эгер, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 2018-жылдын 1-сентябрынан  тарта  күчүнө  кирет.  Учурда Кыргызстанда 2236 мектеп болсо, анын 446 мектебинде гана окуучулар бир нөөмөттө окушат, демек бул мектептерди 5 күндүк окуу күнүнө өткөрүүдө эч кандай баш оору жаралбайт. Маселе 2 жана 3 нөөмөт менен окуткан мектептерде. 2 нөөмөт менен окуган мектептер да, ыйлап-сыктап, эгер класстык фондулары жетиштүү болсо, 5 күндүк окуу күнүнө өтсө болот. “Ыйлап-сыктап” дегенибиз, буга чейин 6 окуу күнү окутулуп келген сабактар 5 окуу күнүнө чачылганда, окуу күнү узарып, эгер класстык фонддор тартыш болсо, анда бул маселе көйгөй жаратышы ыктымал.

Башталгыч  класстары  3 нөөмөттө окуган борборубуздагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Мурат-бек Касымалиев менен бул маселе боюнча аңгемелешкенибизде, ал клас-стык фонд жетиштүү бол-со 5 күндүк окуу күнүнө өтүүнү колдоорун айтты. Директордун айтымында, класстык фонд чектелүү болгондуктан, 5 күндүк окуу  күнүнө  өтүү  №5 улуттук  компьютердик гимназиясында  көйгөй жаратышы ыктымал экен. Андай болгондо, №5тен башка да, 3 нөөмөт менен окуган 159 мектепте ушул эле көйгөй келип чыгышы мүмкүн.

Ата-энелер эмне дейт?

Алардын айтымында, 6 күндүк окуу күнүндө окуучулар чарчайт. Уйкудан калышат. Көз чарчайт, мээ чарчайт. Толук кандуу эс алууга чолоосу тийбейт. Чоңдор 5 күндүк жумуш күнүндө иштеп,  мектепте  6  күн окуу болгонун айрымдар жаза катары кабыл алышат.

Маалымат үчүн:

Германияда окуучулар 5 күн окушат.

Италияда 13 жылдык окуу системасы бар жана окуучу сөзсүз түрдө мектеп алмаштырат. 6 жашынан 5 жыл башталгыч мектепте окушат. 11 жашка чыкканда, орто мектепке которулушуп, кайрадан 1-класска отурушат. Орто мектепти аяктаган соң, кесиптик лицейлерде окуусун улантышат.

Францияда билим 20 баллдык система менен бааланат.

Японияда жаңы окуу жылы апрелде башталат. Япон мектеби үч: башталгыч, орто, жогорку баскычтан турат. 12 жылдык окуу системасынын 9у милдеттүү. Окуу  жылы  3  семестрге  бөлүнгөн:

апрель-июль, сентябрь-декабрь, январь-март. Каникулдар экзамендерге даярдыкка кетет.

Кытайда жайкы каникул болгону бир ай, 1-августтан 1-сентябрга чейин.

Улуу Британияда дээрлик бардык мектептер, жадагалса мамлекеттик мектептер – пансиондор. Окуучулар пансиондордо жатып окушат. Финляндияда начар окуган окуучу-ларга да урмат жана сый менен мамиле жасашат жана начар окуганы үчүн эч качан кемсинтпейт, класстан же мектептен чыгарып жибербейт.

АКШда жогорку класстын окуучуларына балл “кредит” түрүндө берилет. Окуучу окуу дисциплиналары боюнча ар биринен 30 баллдан кем албаш керек, эгер 10 баллдан аз болсо, диплом берилбейт.