Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Канткен менен касиеттүү кишинин салган деминен уламбы, Сырганын өңүнө кызыл жүгүрүп, баскан-турганы баштагысындай болуп, оңоло түшкөнгө Асылбек да жайдарылана түштү.

– Тигил апа эмнени эле сүйлөп кетти? – деди кечки тамактын үстүндө Сырга, – Абдан сыпайы киши эле… Жарыктык, кичине алжый түшкөнбү?

«Ырас эле» деп ойлогон Асылбек да ошого ынангысы келип:

– Өгүнү: «Быйыл күздө токсонго чыгам» деп божурап келди. Балким, андан деле көптүр. Дагы сөөгү жакшы, кыйын киши экен, – деп жубайына оюн-чындан тамаша айтты. – Бир жылан көргөнгө эле ушунча убара кылдың, ушу сен алтымышка жетпей, алжыбасаң болду…

Кыткылыктап күлгөн келин адатынча күйөөсүнүн мойнуна оролуп, эркеледи:

– Болду да эми, кечке эле ошону айта бербей!

– Болбойм! Эмнеге болом! Же калппы?..

Экөө анан алышып ойноп, ошол жерге кулашты. Бирок так ушул күндөрдөн, ушул убакыттан башт ап, чын эле бир укмуштуу окуянын башталганын алар байкашкан жок.

Бул убакта ары карап ойноп отурган Кызмончок өз тилинде чулдурап сүйлөп, кытылдап күлүп жатты. Бала-жылан адатынча керегенин астынан жарым жыртылай кирип алып, мойну-башын койколоктотуп, наристеге бийлеп берип жаткан.

Ата-энеси болсо: «Бала жакшы ойноп жатат», – деп санаалары тынч…

* * *

Бара-бара Кызмончок да жыланга көнүп, көрүнбөй калса тегеренип издеп, кайсалактап калчу болду. Кээде атайын эле тыпылдап жөрмөлөп барып, жылан кирип-чыкчу керегенин астын шыкаалап, үн салып чакырат.  Бала неме жылан эмне экенин билип коюппу, тек гана аны бир көздөрү жылтыраган, эки ачакей тили, тирүү жаны бар оюнчуктай көрчү.

Жубайлар  жыланды  кийин байкап калып жүрүштү. Атургай алар бара-бара Кызмончоктун жылан менен кадимкидей үн алышып, чулдурап сүйлөшүп, көнүшө түшкөнүн да баамдап, биле башташты. Бүбү эненин алжыбай-этпей эле, касиетинин али күчүндө экенине ошондон кийин гана ынанып, жыланга кол көтөрмөк түгүл өздөрү да ага акырындап көнүшүп, атүгүл ансыз коңултуктап калышчу болду. Жылан да ошону сезгендей, буларга эми ачык эле аралашып, ээн-эркин сойлоп келе баштады. Кудум ойноп-ойноп чарчаган балага окшоп, Кызмончок уктаганда кошо уктап, бешиктин аяк-башына түйүнчөктөй түйүлүп жатып калат да, ал ойгонгондо кошо турат.

Бара-бара Сырга да ага ишенип алды. Эшикке кенен-кесири кирип-чыгып:

– Мен бээ саап келейин, сен Кызмончокту жакшылап карап тур, ээ? Суу апкеле коёюн, жарайбы? – деп кишиге ишенгендей ишенип кетет да, бирок баары бир шашкалактап, жүгүрүп келет.

* * *

Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун арасына жаз менен жай канчалык кеч келген сыяктуу, күз да ошончолук эрте келет.

Эртели-кеч күн сууктап, жакага түшөр маал да кирип келди. «Жакага көчөбүз» дегенден бери жылан жөнүндө ойлончу болгон Сырга:

– Тиги байкуш эмне болот? – деди үй чечип жатканда санааркай. Ал жыландын атын атагандан айбыгып, дайыма ошентип койчу:

– Кызык, биз кетсек тигил издебес бекен?..– деди дагы.

– Ким билет, издеп-издеп калар да! – деген Асылбек өзү да азыр ушуну ойлоп турган. Бир чети анын макулук болсо да буларга ылым санап, аралашып алганына ичи жылыса, бир чети андан таптакыр кол өзүп кетүүнү эп көрдү. «Бөрү баласы ит болбойт», канткен менен айбан да. Бирде болбосо бирде жазып-тайып!..» – ушуну ойлогондо Асылбектин денеси «дүр-р!» дей түшөт. «Бала деген – бала да, сактанганды билип коюппу? Ойноп жатып айбан эменин этин оорутуп, ачуусуна тийип алса…»

Жыланга чактырып, баласынын «чыр-р!» эткени көз алдына элестей түшкөн Асылбек соңку убактарда  бул жерден эртерээк кетүүнү ойлоп, шашкалактап калган.

* * *

Жылан келгенде боз үйдүн орду гана калыптыр! Адегенде эмне болуп кеткенине түшүнбөй, башка жерге адашып келип алгандай айлана-тегерегине чебелене карап, акыры асман-жери аңтарылып кеткендей болду! Анткени, жандилинде жакшы көрүп, ылым санай берчү бул үчөөнү  жоготуп, чаламандын чак түшүндө таппай калам деп ойлобосо керек ал! Жылан да болсо көздөрү алачакмактап, ордунда тегеренип-тегеренип кетти! Үнү чыкпаганы менен жандүйнөсүндө ааламды жаңырта бир катуу кыйкырып алды! Боз үйдүн ордун улам кайра, улам кайра тегеренип, адамдардын кай тарапка кеткенин аңдай албай, ааламды айландыра карачудай, тикесинен тикчийип туруп алып, көзү жеткен жерлерди кыдырата карады.

Анткен менен бала-жылан бу кезде баягыдан алда канча ирденип, алда канча чоңоюп калган…

* * *

Өздөрү эч кимге эчтеке айтпаганы менен, айыл-ападагылар эчак уу-дуу болуп, эки кишинин башы кошулса эле кеп кылганы – Асылбектин үй-бүлөсү болуп калыптыр. Жада калса коңшунун:

– Сыйга апа, өөлайды өөп алайынбы? – деп мурдун шор тартып, эртели-кеч үйгө ээрчишип кире берчү балдары да буларды чочуй карап, бойлорун ала качып калышкан экен. Бир күнү анан ошол балдардын чоңураагы Сыргадан:

– Сыйга апа, сиздин өөлай чоңойгондо жылан болотпу? – дейт бүшүркөй  карап.

– Ок! Эмне дейт?! – ансыз да араң жүргөн Сырга чочуп кеткени. – Ким айтты антип?!

– Тиги-и… апам, анан Бөкөндүн атасы, Жийденин апасы… Ии-и… – деп какап-чакап жатып бир топ кишинин аттарын атап жиберди бала. Эзели оозунан жаман кеп чыкпаган Сырганын жаны кашайып кетти:

– Ошолордун оозуна кара таш! Капырай, кенедей баланы ошенткенге кантип ооздору барат?!.

Деген менен уурусу кармалып калган кишиче өңү түктөйүп, кенедей баланын көздөрүнө тике карай албай кайпактап кетти. Ал эми  бала болсо да  кичинекей Бектемир Сырганын:

– Жок! Алар калп айтат! – дегенин уккусу келип, анын көздөрүнөн бир нерсе издегендей үмүттүү карады. Тилекке каршы, Сырга апасы антип айткан жок. Эмнегедир шаабайы сууй түшкөн бала, кошуна апасы үйүнө кирип кеткенден кийин да бутунун учу менен жер чукулап, көпкө чейин ошол жерде турду…

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.