25-январга карата аба ырайы

25-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -11…-16, күндүз -7…-12,

Таласта түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;

​Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы -8…-10°.