ӨКМ: Сузак районунда жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда болжол менен саат 16:45 чамасында маалыматты тактоо максатында адистер коопту делген аймакка жөнөп кетишкен.

Сузак райондук ЖК комиссиясы, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жер көчкү жүрүү кооптуулугу пайда болгон аймака жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет.