Жети-Өгүздө көчкү алдында калган жарандын сөөгү табылды

Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда кар көчкү алдында калган адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 21-январда Жети-Өгүздүн үч тургуну Көк-Жайык жайлоосундагы Телти тилкесине аң уулап барган учурда, кар көчкү жүргөн. Аңчылардын бирин көчкү басып, аны издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен кошо элүүгө чукул жергиликтүү тургундар катышты.