Парламентте суука байланыштуу окуучуларды каникулга чыгаруу демилгесин көтөрүлдү

Парламентте мектеп окуучуларын бир аптага же 10 күнгө кышкы эс алууга таратуу зарылдыгын айтып чыгышты.

«Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев: «30-40 градус деген эмне. Калчылдап, тоңуп жатышат. Оорулуу болуп калат. Келечегибиз жок калабыз. Тоолуу райондордо 10 күндөй каникул беришибиз керек. Андан кийин деле Чыңгыз Айтматовдору чыга берет», — деп билдирди.

Эл өкүлүнүн пикирин депутаттар колдоого алып, бир аптага каникул берүү керектигин баса белгилешти.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков парламентке билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын келе турганын, оюн, программасын уккандан кийин сунуш талкууга коюларын айтты.